Биз менен байланышыңыз

«Мамлекет мүмкүн болушунча мүлктөрүнөн кутулушу керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Апр 2021 | 1024 | 0

Учурда Эл аралык «Манас» аэропортуна күн сайын ондой жүк ташуучу учак конуп, май куюп кетет. Эгерде аэропорт сырткы башкарууга берилсе, аба майданын жүк ташуучу учак каптап калат. Бул тууралуу ишкер Жодар Сайдилкан «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын пикиринде, пандемиядан улам жүк ташууларда бир топ кыйынчылыктар бар. Кыргызстан аба майданын тышкы башкарууга берсе, «Ачык асман» долбоорунун алкагында да жүк ташыган учактар арбын келип баштайт. Бул өлкө экономикасы үчүн пайдалуу.

Ишкерден топтолгон салык билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагына жумшалбай, мамлекеттин менчигиндеги мүлктөрдү сактоого сарпталып жатат. Ошондуктан мамлекет мүмкүн болушунча бул мүлктөрдөн кутулушу керек.

«Ийкемдүү, өнүккөн өлкөгө айлангыбыз келсе, мамлекеттик мүлктү азайтышыбыз керек же жеке менчик көбөйүшү зарыл. Аэропорт азыркы абалында иштесе, туристтердин саны азаят, жакырчылык өсөт, элдин сыртка чыгуусу татаал болот. Жардылардын санынын өсүшү коомдук ири ызы-чууга себеп болушу ыктымал», — дейт ишкер.

Copyright © 2017 Maral FM