Биз менен байланышыңыз

«Учурда кардиналдуу реформаларды ишке ашырууга зор мүмкүнчүлүк бар»

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Фев 2021 | 537 | 0

Өлкөдө кардиналдуу реформаларды ишке ашыруу үчүн зор мүмкүнчүлүктөр бар. Анткени эл жаңы бийликке ишеним артып, колдоодо. Мындай пикирин ишкер Жоодар Сайдилкан «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери бийлик аймактарга кайтпай калды. Ал эми таасирдүү, өнүккөн өлкөлөрдө бийлик да, топтолгон каражаты да жергиликтүү башкарууга кайтарылган. Аларда аким, айыл өкмөт башчылары жергиликтүү эл тарабынан шайланат. Кызматка келгендер жоопкерчилик алат.

Кыргызстанда болсо жетекчилер өкмөт тарабынан белгисиз мөөнөткө дайындалат да, элге эсеп бербейт. Алар аткаруу бийлигине отчет бергендиктен, эл менен эч кандай байланыш түзүлбөйт.

Чарбалык иштерди, бийликти, каражатты жергиликтүү бийликке берүү керек. Борбордук бийликке коопсуздук калса болот.

Сайдилкан мындан тышкары Бишкектеги саясий өзгөрүүлөр экономикага терс таасир этерин, анткени экономиканын ири бөлүгү борбор калаада экенин белгиледи.

Ошондой эле мэрлик калаанын жалпы чарба иштерине түз таасир эткен кызмат болгондуктан, экономикага да таасир берерин айтты.

Белгилей кетсек, 9-февралда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев өз арызы менен кызматтан кеткен. Анын ордуна Эрмек Нургазиев дайындалган. Бирок, кийинчерээк президент Садыр Жапаров Нургазиевге байланыштуу бир катар доолор бар экенин айтып, мындай адам мэрликке татыктуу эмес деген пикирин жазып чыккан.

10-февралда өкмөт башчы Улукбек Мариповдун буйругу менен Бишкек мэринин милдетин аткаруучу болуп Бактыбек Кудайбергенов дайындалган.

Copyright © 2017 Maral FM