Биз менен байланышыңыз

Ишкер Бишкек мэриясы чукул чечиши керек болгон көйгөйлөрдү атады

Пикирлер | 11 Фев 2021 | 436 | 0

Ишкер Жоодар Сайдилкан «Маралга» берген маегинде Бишкек мэриясы маани бере турган маселелерге токтолду.

Анын айтымында, калаа жетекчилиги абанын булгануусу, коомдук транспорт сыяктуу көйгөйлөрдү чечиши керек. Бирок эки айдын ичинде кардиналдуу реформа жасалбайт. Маанилүү кадамдар жасалса да, жогорудагы мөөнөттө жыйынтык алуу — өтө татаал.

«Тилекке каршы, мэрди шайлоодо депутаттардын байланышы жок болуп келген. Калаа башчылар Ак үйдүн таасири менен шайланып турган. Мэр эл тарабынан шайланса, элге түз эсеп берет да, коомчулукка жагынууга аракет кылат. «Шаардык кеңештин депутаты — парламенттин депутатына караганда таасирдүү» деген сөздөр айтылат. Анткени Жогорку Кеңештин депутаты жалпы өлкөнү кызыктырган маселелерге таасир этет. Бишкек шаардык кеңеши мэриянын карамагындагы бардык мекеме, бөлүмдөргө түздөн-түз таасир эткен позицияда», — дейт ишкер.

 

Copyright © 2017 Maral FM