Биз менен байланышыңыз

Каныбек Исаков райондук билим берүү жетекчилерине конкреттүү талаптарды койду

Кыска кабар | 30 Янв 2020 | 421 | 0

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Аксы, Баткен, Ноокен, Тоң райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жаңыдан дайындалган жетекчилери Талант Эмилбек уулу, Олжобай Мажилимов, Нурбек Олжобаев жана Бактыгүл Кадырованы кабыл алып, аларга аймактарды өнүктүрүү, санариптик мектеп, окуучуларды ар тараптуу колдоо жана коргоо боюнча алдыда жасала турган жумуштарды тизмектеп, ар бир жетекчиге так милдеттерди койду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министр ар бир райондогу билим берүү жаатында калыптанып калган тенденция, жетишпестиктер боюнча деталдуу маалымат берип, ийгиликтер жана кемчиликтерин көрсөттү.

Мындан сырткары, мектептеги билим берүүнүн, балдар бакчаларындагы тарбия берүүнүн сапаты, мугалимдердин билимин жогорулатуу, айлык акыны эсептөөнү автоматташтыруу маселелерине токтолду.

Жаңы дайындалган жетекчилер үч ай сайын жасап жаткан жаңы иштери боюнча маалымат берип турууга милдеттендирилди. Министр аларды ишке демилгелүү жана жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырды.

Каныбек Исаков мындан ары ар бир райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен бат-баттан жолугушуп, аткарыла турган жана аткарылып жаткан жумуштарды талкуулап, жаңы демилгелер боюнча пикир алышуулар болуп турарын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM