Биз менен байланышыңыз

Коронавирустун айынан 363 млн бала мектепке барбай жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Мар 2020 | 659 | 0

Коронавирус эпидемиясынын кесепетинен дүйнө боюнча 363 миллион бала мектепке бара албай жатат. Мындай маалыматты ЮНЕСКОнун Париждеги бөлүмү жарыялады.

Парижде бир топ мамлекеттин билим берүү министрлеринин чукул жыйыны болуп өттү. Министрлер эпидемияга байланыштуу мектептердин жабылышы боюнча да талкуу кылышты. ЮНЕСКО уюму мындай кырдаалда дистанциялык окуу программасы иштелип чыгышы зарылдыгын айтты.

11-мартка карата дүйнө боюнча коронавируска кабылгандар 120 миңге чамалады. Анын 30 миңдейи Кытайдан тышкаркы мамлекеттерде. Эпидемия күч алган мамлекеттерде мектептер убактылуу жабылган.


Түркияда алгачкы жолу коронавирус катталды

Copyright © 2017 Maral FM