Биз менен байланышыңыз

Түркияда алгачкы жолу коронавирус катталды

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Мар 2020 | 1653 | 0

Түркияда коронавируска кабылган алгачкы жагдай катталды. Бул тууралуу Sabah гезити жазды.

Түркиянын Саламаттык сактоо министри Фахреттин Коджанын айтымына караганда, вирус жуктурган бейтап жакында эле Европа өлкөлөрүндө болуп келген.

Кошумчалай кетсек, кечээ 10-мартта Монголияда да алгачкы жолу коронавирусжуктуруп алган жагдай катталган.

11-мартка карата дүйнө боюнча коронавируска кабылгандар 120 миңге чамалады. Анын 30 миңдейи Кытайдан тышкаркы мамлекеттерде.

Кытайда коронавирус жуктургандардын саны 80 955ке чыкса, алардын 3162си көз жумган. Вирус катталгандан бери 61 567 бейтап илдеттен айыккан. Вирустун очогу болгон Кытайда коронавирустун жайылышы басаңдап, абал тууркташып калды. Соңку 1 жумадан бери ооругандардын саны 80 миңден ашкан жок.

Ал эми Европада коронавирус кулачын жаюуда. Алсак, Италияда абал курч, 10 283 адамдан коронавирус аныкталса, алардын 631и илдеттин кесепетинен өлүмгө дуушар болушкан. Франция менен Германияда да абал оорлошуп барат.

Ошондой эле, Орусияда да 20 адам коронавирус илдети аныкталган. Алар Япониядагы круиздик лайнерден алынып келинген жарандар.


Коронавирус 100 өлкөгө жайылды [тизме]

Copyright © 2017 Maral FM