Биз менен байланышыңыз

«Коопсуздугу камсыздалса, инвестор узак убакыт иштейт»

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Фев 2021 | 1231 | 0

Инвесторлор Кыргызстанга келип иштеши үчүн алардын коопсуздук маселесин терең ойлоо кажет. Ал үчүн бир катар шарттарды түзүү зарыл. Мындай пикирин «Траст Сервис» компаниясынын жетекчиси Турат Дубанаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө коопсуздук шарттары төмөн болгондуктан, инвесторлор кыска убакытта кетип калууда. Тийиштүү шарттарды түзүү үчүн алгач кадр маселесине кылдат мамиле кылып, кызматкерлерди туура тандоо керек. Бул ишкерлердин жана инвесторлордун санына чоң таасир берет.

«Учурда ишкерлер үчүн логистика чоң көйгөй болууда. Анткени товарларды жеткирип берүүдө маселе жаралып, кедергисин тийгизип жатат», — дейт ишкер.

Copyright © 2017 Maral FM