Биз менен байланышыңыз

«Инвестор үчүн өлкөнүн башкаруу системасы көп мааниге ээ эмес»

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Апр 2021 | 1562 | 0

Инвестор үчүн өлкөнүн башкаруу системасы көп мааниге ээ эмес. Аларды көбүрөөк сот системасы, мүлктүн корголушу, мыйзам үстөмдүгү жана коопсуздук маселелери кызыктырат. Мындай пикирин саясат талдоочу Сейтек Качкынбай «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, инвестор келбесе, өлкөдө өнүгүү болбойт. Алар мультипликациялык таасир берет.

«Карапайым элде үмүт чоң болуп турат. Дүйнөлүк тажрыйбада президенттин 100 күндүгүндө негизги маселелер, экономиканын кайсы тармагына басым жасалары аныкталат. Тилекке каршы, президент Садыр Жапаровдун инвесторду жана ишкердикти коргоо боюнча январь айында кол койгон жарлыгында каралган 29 пунттун бирөө гана аткарылды. Мындан улам оптимисттик божомол айта албайм», — дейт Качкынбай.

Copyright © 2017 Maral FM