Биз менен байланышыңыз

«Кайсы саясий күч болбосун, бийлик менен макулдашат»

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Апр 2021 | 1802 | 0

Жаңы Конституцияга ылайык, мэрлер дайындалат. Бул жерде шаардык кеңештин депутаттары эч кандай роль ойнобойт. Андыктан бийлик өзүнө ылайык адамын түртүшү ыктымал. Анткени мэрди тандап алуу процедурасы ачык эмес. Мындай пикирин саясат талдоочу Сейтек Качкынбай «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кайсы саясий күч болбосун, бийлик менен макулдашат. Анын алдында ким тарапта күч көбүрөөк экени соодалашылат.

«Бийликтин колунда каалаганын кылган УКМК деген «камчы» турат. Бирок 3-4 жыл убакыт өтөт. Убагында кол кайрып жүргөндөр учурда экс-президент же качкын президент болуп жүрөт. УКМК бүгүн сабаганы менен 1-2 жылда кайра өздөрүнө кайтарын билишет. Ошондуктан таразалап, эки тарап сүйлөшүп, орток кызыкчылык менен иштейбиз деген компромисттик фигура чыгат. Көшөгөнүн артында ким кандай сүйлөшөрү белгисиз», — дейт Качкынбай.

Ал өнүккөн коомдо мэрлер шайланып келерин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM