Биз менен байланышыңыз

«Саясатка келгенде түштүк тарап өзүнчө спецификацияга ээ»

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Апр 2021 | 1713 | 0

Саясатка келгенде өлкөнүн түштүк тарабы өзүнчө спецификацияга ээ. Мындай пикирин саясат талдоочу Сейтек Качкынбай «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, түштүк тарапта «Ата-Журт — Кыргызстандын» көп добуш алышына партиянын негиздөөчүлөрүнүн бири Жалал-Абаддан болгону таасир этти.

«Мамлекеттик кызматта отургандар кызматынан кол жууп калгысы келбейт. Ошондуктан бийликтегилердин партиясына аракет кылышты. Ал эми Бишкекте андай болгон жок. Анткени Бишкек кошуундардын чоң айылы, ар бир аймактан жшоочулар бар. Түштүк тарапта партиянын аты, баалуулуктары, программасы негизги роль ойнобойт. Каржылоо жок болсо, партиялар чыга албасын да көрдүк», — дейт серепчи.

Ал алдын ала жыйынтыктар боюнча Бишкек шаардык кеңешине өткөн партиялар кечээ гана пайда болгондуктан, алар тууралуу сөз кыла албай турганын белгиледи. Репутациясы таза адамдар өтүп келгенин айтып, жакшы иштешеринен үмүт артты.

Copyright © 2017 Maral FM