Биз менен байланышыңыз

Кандай адам чыныгы ишкер?

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Дек 2020 | 1069 | 0

Кандай гана түйшүк болбосун, кырдаалдан чыгып кеткен киши — чыныгы ишкер. Мындай пикирин «Кара-Булак» эко-резорт комплексинин негиздөөчүсү Жумадыл Эгембердиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, азыркы кырдаал ишкерлерди курчутууда. Алар изденип жатышат. Ишкер жаратман болууга тийиш.

«Учурда пандемия экономикага терс таасирин берип жатканы айтылып эле келе жатат. Мага окшогон ишкерлер бул жагдайды туура жолго салып, кыйынчылыктан чыгып кеткендин үстүндө ойлонуп жатышат. Мен изденип, түнү уктабайм. Башка түшкөн иш адамды такшалтып, курчутат да жаңы нерселерди ойлоп чыгасың. Айрымдар бизнестин көлөкөсүнөн да коркот. Чыныгы ишкерлерге кыйынчылыктар мол түшүм берет», — дейт Эгемдердиев.

Ал белгилегендей, учурда кыргыз эли чоң кыйынчылыкты башынан өткөрүүдө. Калк бийлик өкүлдөрүнөн үмүт кылып отурган кез.

«Президенттикке ким келсе да, эл үчүн кызмат кылууга чоң мүмкүнчүлүктөрү бар. Жакшыны тилейли, жакшы келсин. Бизде элди туңгуюктан алып чыккан лидер жок болууда», — дейт ишкер.

Copyright © 2017 Maral FM