Биз менен байланышыңыз

«Бийлик чыгарган чечимдер ачык-айкын болушу керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Окт 2020 | 863 | 0

Өлкө — белгисиздиктин атмосферасында. Тобокелчиликтер абдан көп, жай заман эмес. Бул учурда бийлик бутактары биригүүгө барышы керек, чыгарылып жаткан чечимдер мүмкүн болушунча ачык-айкын болушу зарыл. Мындай пикирин саясий серепчи Руслан Акматбек «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бийлик бутактары чыгарган чечимдеринде ачык-айкындуулукту камсыздаса, коомчулуктун ишенимине ээ болмок. Тескерисинче, ишеним талкаланууда.

«Азыр шайлоолорду өткөрүүгө акча жок экен. Бирок бир нече айдан соң, референдум, шайлоо өткөрүлөт да. Аларга акча табылып калабы? «Табабыз да, иштейбиз да» деп жооп беришүүдө. Анда эмне үчүн парламенттик шайлоого акча издебейсиңер? Парламенттин эки жүздүүлүгү коомду жаатташууга алып барууда», — дейт Акматбек.

Ал бийлик бутактары чыгарган чечим жалпы элдин тагырына таасир этерин белгиледи.

Акматбек мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен экс-президент Сооронбай Жээнбеков парламентти кол бала кылып алганын белгиледи.

«Эртең президенттик башкарууга өтсөк эмне айырмаланат? Мындай маселелерди элге жеткирип, коомчулуктун тандоосуна коюу керек. Бирок ошону оюн кылбай, саясий кызыкчылыгын, бийлигин бекемдөөнү көздөбөй, жеткиликтүү түшүндүрүү зарыл. «Кыска мөөнөттө 3 революция болду. Биз нормалдуу, чыңалуусуз жашоо үчүн дагы эмне болушу керек? Көп узабай, 2  жума өтүп эле кайра ушул каталарды жасап жатпайбызбы! Айрымдар өздөрүн «акылдуу», элди келесоо сезишет. Өзгөрүүлөрдү элге түшүндүрүп берүү керек, популисттик кадамдарга барбай»,  — деди серепчи.

Copyright © 2017 Maral FM