Биз менен байланышыңыз

«Ийгиликтүү адамдар» күндү кантип башташат?

Блог , Дүйнө , Кыска кабар | 29 Дек 2020 | 2321 | 0

Таңкы адаттар күндүзгү натыйжалуулукка таасир этет

Ийгиликке жеткен адамдар жөнүндө сөз болгондо, алардын күн тартибин так сактаганы, жакшы күндөрдү өткөрүү үчүн белгилүү бир адаттарды карманганы баса белгиленет. Кайсы адаттар?

Төмөндө күндү натыйжалуу баштоо боюнча ийгиликтүү ишкерлердин кеңештерин айтып бердик:

Сааттын коңгуроосун «дагы 5 мүнөткө» жылдырып койбоңуз

Эртең менен «жетиштүү уктоого» аракет кылуу жана «дагы беш мүнөт уктайм» деген шылтоо менен сааттын коңгуроосун жылдыруу — ийгиликтүү адам эч качан жасабаган адат.

«Ийгиликке жеткен адамдардын арасынан коңгуроону жылдыргандарды таппайсың. Бул өзүңүзгө берген убадаңызды (белгилүү бир саатта ойгонуу келишимин) бузууну билдирет. Ийгиликтүү адамдар убадага туруу натыйжалуулуктун негизги фактору экенин билишет», — дейт «Birdsong» компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы директору Моника Снайдер.

Уйкудан ойгонор замат телефонду «тытмалоону» токтотуңуз

«Күндүн жакшы башталышы менен керексиз иштерге алаксуунун айырмасы — ойдун тактыгында, иштерди пландаштырууда. Эң зыяндуу адаттардын бири — ойгонор замат телефонду алып, электрондук почтаны, социалдык тармактарды, жаңылыктарды текшерүү», — дейт «Common Giant» компаниясынын негиздөөчүсү Филип Окли.

Мындай иштердин бардыгы өз убагында жасалышы керек.

Күндү плансыз баштабаңыз

«Күнүмдүк иш планды түзүү — ишкерлер үчүн маанилүү адат», — дейт «GTIF Capital» компаниясынын өнөктөшү Дэвид Чен.

Жумушту пландаштыруу оң энергияны сактоого жана стресстен алыс болууга жардам берет, убакытты жөнгө салат.

«Жаңы жумуш күнүндө кандай тапшырмалар бар экендигин так билүү маанилүү. Болжолдонгон күн ойлонулбаган күндөн алда канча жемиштүү болот», — деди Чен.

Физикалык кыймыл

«MonsterInsights» компаниясынын негиздөөчүсү Крис Кристофф эртең мененки көнүгүү дененин физикалык жана психикалык жактан чың болушун эле сактап калбастан, иштин ийгиликтүү болуусуна да мүмкүнчүлүк берерин белгилейт.

«Спорт менен машыгуу жана ден соолукту чыңдоо бекем тартип менен пландаштырууну талап кылат. Көнүгүү менен ден соолукту чыңдоого умтулуу карьераңызда тартиптүү болууга жардам берет», — деди Кристофф.

Телефон чалуулар

«Be Inspired PR» компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы директору Лейла Льюис эртең менен телефон чалуудан алыс болорун айтат.

«Ийгиликтүү адамдар» күндү чалуулар менен баштоонун ордуна убакытты пландаштыруу менен алек болушат», — дейт ал.

Башка иштерге алаксуу

«Designli’нин» бөлүм башчысы Кейт Шилдс: «Эгерде сиз артыкчылыкка жетүүнүн ордуна башка нерсеге көңүл бурсаңыз, эч качан максатка жете албайсыз», — дейт.

Ийгилик ээлери кайда баратканын жана эмнеге көңүл буруу керектигин билишет. Алар кымбат убактысын арзыбаган иштерге коротушпайт.

Өткөн иштерден арылыңыз

«Virtus Flow» компаниясынын негиздөөчүсү Риккардо Конте мурунку каталарга жана чечимдерге байланып калбоонун маанилүүлүгүн баса белгилейт.

«Ар бир күн — эртең менен мурда болуп көрбөгөн нерселерди жасап, жаңы ийгиликтерге жетишүү үчүн жаңы күн. Ойгонор замат кеңседе калган майда жумуш жөнүндө ойлоно баштасаңыз, анда жаңы милдеттерге көңүл топтой албай каласыз. Тынчсыздануу уйкуга таасир этет. Керексиз ойлордон арылып, ойгонуп жатканда, артка эмес, алдыга умтулуңуз», — деп кеңеш берет Риккардо.

Copyright © 2017 Maral FM