Биз менен байланышыңыз

Нуракун уулу: Депутаттардын ишеним кат бергени чын

Кыска кабар | 8 Окт 2020 | 915 | 0

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу айрым депутаттар Садыр Жапаровду премьер-министрликке сунуштоого макулдугун билдирген ишеним каттарын берип жибергендигин тастыктады.

6-октябрдын кечинде «Достук» мейманканасында өткөн Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында КСДП фракциясынын 3 депутаты: Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Искендер Матраимов Садыр Жапаровдун өкмөт башчылыкка көрсөтүлүп жатканын колдогон ишеним катын партиялашы аркылуу берип жиберишкен.

КСДП фракциясынын 3 депутаты партиялашына ишеним кат бергени чын. Алар Мыктыбек Абдылдаев төрага болуп дайындалганга чейин эле беришкен, — дейт Нуракун уулу.

Ал Жогорку Кеңештин имаратынын сервери талкалангандыктан, азырынча сайты иштебей жаткандыгын кошумчалады.

Эске салсак, парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл 5-октябрда борбордук аянтка митингге чыгышкан. Митинг учурда да токтобой келет.

6-октябрь күнү парламент чукул жыйынга чогулуп, Мыктыбек Абдылдаевди төрага кылып дайындаган. Ал эми саясатчы Садыр Жапаровдун өкмөт башчылыкка талапкерлигин 62 депутат колдоп, макулдугун берген.

Бирок Жанар Акаев, Эльвира Сурабалдиева, Клара Сооронкулова баштаган айрым саясатчылар анын артында кылмыш дүйнөсүнө таанымал Камчы Көлбаев турарын айтып жатышат. Кримтөбөл буга чейин шайлоо өнөктүгүндө «Мекеним Кыргызстан» партиясын колдогону үчүн коомчулуктун сынына кабылган.

Copyright © 2017 Maral FM