Биз менен байланышыңыз

Ким Чен Ын 20 күндөн бери биринчи жолу коомчулукка чыкты (сүрөт)

Дүйнө , Кыска кабар | 2 мая 2020 | 1054 | 0

Жалпыга маалымдоо каражаттарында Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын дын 20 күндүн ичинде биринчи жолу коомчулукка чыкканы жарыяланды. Бул тууралуу РБК агенттиги жазды.

Ким Чен Ын Пхеньянга жакын жайгашкан Сунчэон шаарында жер семирткич чыгаруучу заводдун ачылышына келген. Иш-чара 1-майда өткөн. Аталган иш-чарадагы сүрөттөр Түндүк Кореянын расмий маалымат каражаттарында жарыяланган.

Сүрөттөрдө Ким Чен Ындын ден соолугу чың жана маанайы көтөрүнкү көрүнөт.

Буга чейин ЖМКлар Ким Чен Ындын жүрөгүнө операция жасалып, ден-соолугу начарлап кеткенин кабарлаган. Ошондой эле, айрым маалымат каражаттары анын өлүмү жөнүндө да жазышкан.

CNN Телеканалы белгилегендей, ал 11-апрелден бери коомчулукка чыга элек жана 15-апрелде биринчи жолу Ким Ир Сендин туулган күнүнө арналган салтанатка катышпай калган.

Copyright © 2017 Maral FM