Биз менен байланышыңыз

Талиева: Мугалимдин жоопкерчилиги эле каралып, ата-эненики унутта калууда

Кыска кабар | 3 Фев 2022 | 809 | 0

Бүгүн, 3-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева мугалимдердин статусу жөнүндө маселе көтөрдү.

Анын пикиринде, учурда мугалимдин жоопкерчилиги эле каралып, ата-эненин жоопкерчилиги унутта калууда.

Талиева Аламүдүн районундагы мектептердин биринде катталган мугалим менен окуучунун ортосундагы жаңжалга токтолуп, мугалим инфарктка кабылгандыгын билдирди.

«Мугалимдин жоопкерчилиги эле каралып, ата-эненин жоопкерчилиги каралбай жатат. Муну менен катар агартуучулардын укугу корголбой калууда. Андыктан тиешелүү министрлик бул жаатта керектүү чараларды жүргүзүшү зарыл. Мугалимди биз бүгүнкү күндө кор кылып, инфарктка чейин жеткен учурлар болуп жатат», — деди.

Ошондой эле ал министрлик бул маселеде четте карап турбай, алдын алуу чараларын көрүшү керектигин айтып сындады.

Copyright © 2017 Maral FM