Биз менен байланышыңыз

9 пайыздык босого чек кайрадан талкууда

Саясат | 19 Ноя 2019 | 879 | 0

«Кыргыз келечеги» коомдук бирикмеси шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө коомдук талкуу өткөрдү. Анда өлкөнүн экономикасы, башка жарандарга кыргыз паспортунун берилип жатканы, ошондой эле, башкы маселе катары шайлоодогу 9 % босого баллды төмөндөтүү талкууланды.

Иш-чарада саясатчылар, коомдук ишкерлер жана активисттер сөз сүйлөп, шайлоодогу босого баллды 5% түшүрүү сунушун колдошту. Мындан сырткары учурдагы депутаттардын жасаган иштеринин чабалдыгы жана бузулуп жаткан эрежелер тууралуу да түрдүү пикирлер айтылды.

6-чакырылыштын депутаттарынын деңгээли төмөн

2020-жылы парламенттик шайлоо болот. Бул шайлоого азыртадан даярдыктар башталып, коомчулукта ар кандай талкуулар, жыйындар уюштурулуп жатат. Алардын бири «Кыргыз келечеги» коомдук бирикмеси шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө коомдук талкуу өткөрүп, өлкөнүн көйгөйлөрүн жана андагы эреже бузуулар тууралуу сөз болду. Талкуунун башкы маселеси катары шайлоодогу 9 пайыздык босого чекти, 3 же 5 пайызга төмөндөтүү көтөрүлдү. Парламенттин экс-төрагасы, Эмгек сиңирген юрист Мукар Чолпонбаев Жогорку Кеңештин учурдагы депутаттарынын деңгээли 4-5-чакырылыштагы эл өкүлдөрүнүн деңгээлине салыштырмалуу өтө эле төмөн экенин айтып, алар бүгүнкү күндө шайлоо мыйзамын, жазылган кодекстердин бирин да аткарбай, тескерисинче, бузуп жатканына токтолду:

-5-чакырылыштын депутаттарын Атамбаев өзү эле чечип, шайлап койгон. Ушундай да бийлик болобу? Эми өзүңөр көрүп жатасыңар, азыркы депутаттардын бардыгы эле аткаруучу өкүлдөр. Өткөн шайлоодо айтышкан «депутаттыкка талапкер болуш үчүн, биринчи ондукка 500 миң долларга чейин, ал эми экинчи ондукка 300 миң доллар, үчүнчү ондук андан ары карай болгон» деген маалыматтарды бизге эле айтып коюшту. Эми учурда 2020-жылы өтө турчу шайлоого даярдыктар ич ара азыр эле башталып, орундардын баалары бычылып калыптыр. Баалар 500 миң доллардан 1 млн долларга чейин барат экен. Эгерде кимде-ким депутаттыкка барам дей турган болсо, мына, менин партиям өтөт деп акчасын беришет. Ушул да шайлообу? Бул 6-чакырылышта 90% олигархтар келсе, 7-чакырылышта 100% олигархтар келет деген белги да. 9% босого балл менен шайлоо өтө турган болсо, анда болгону 3 гана партия өтүп, калган акчасы жок майда партиялар өтпөйт деген белги. Мындай болбойт.

Олигархтарды кантип парламентке алып келбөөгө болот?

Коомдук талкууда эки палаталуу парламентти шайлоо  сунушу да көтөрүлдү. Бирок Түркиядагы жана Малайзиядагы мурдагы элчи Мамбетжунус Абылов бул сунушту четке какты. Себеби бул нерсеге Кыргызстан азырынча даяр эмес. Ал  парламентке кантип олиграхтарды алып келбөө сунушун айтып, буларды кошумчалады:

-Менин жеке пикиримде, шайлоодогу босого балл 9 эмес, 5% болушу керек. Ошондо бардыгы калыс жана ачык өтөт. Ал эми 3% босого чек менен өткөрүүгө болбойт. Анткени мындай метод менен буга чейин шайлоо өткөн. Башка мамлекеттерде да буга окшогон тагдырлар кайталанган. Дагы бир сунушум — күрөө катары төлөнгөн 5 млн сом  бир гана олигархтарды киргизиши мүмкүн, ошон үчүн партиялар үчүн 1 млн сом жетиштүү. Олигархтарды өткөрбөй коюунун бир гана жолу бар. Ал ар бир партиянын ичиндеги кандидаттарга эл өзү добуш бериши керек.

Президент шайлоо мыйзамдарын өзгөртүүгө кечикти

Деген менен шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүгө кеч болуп калганын  Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Камила Талиева айтып чыкты. Ал президент Сооронбай Жээнбеков өлкө башчы болуп шайланаары менен ишин башкы мыйзамды өзгөртүүдөн баштаса болмок деген пикирде. Мындан улам 2020-жылы ошол эле мыйзам роль ойноп, кайрадан башаламан шайлоо өтөт деген ойдо:

-Президент Сооронбай Жээнбеков шайланаары менен башкы мыйзамды өзгөртүүдөн баштаса болмок. Ошондо гана 9% босого балл да өзгөрүп калмак. Бирок биз 2 жылга кечигип калдык. Тилекке каршы, ушуну менен эле кетип, шайлоону башаламандык менен өткөрөбүз. Кайра эле баягы жүздөр, сөздөр жана убадалар айтылат. Кайрадан эле партиянын лидерлери бизнес жасаганга өзүлөрүнө сонун кылып шарт түзүп жатат.

Эл бүгүнкү күндө көтөрүлүшкө чыгууну каалабайт

Люстрация кыймылынын жетекчиси Лира Усубалиева, эгерде мыйзамдуу жол менен кадам таштала турган болсо, конституциялык өзгөрүүгө баруу керек болуп калат дейт. Бирок бул учурда элди көтөрүлүшкө чыгарып, кайрадан көп нерсе алмашууга туура келет.  Анын оюнча, эл бүгүнкү күндө көтөрүлүшкө чыгууну каалабайт:

-Конституциялык өзгөрүүгө баруу үчүн элди көтөрүшүбүз керек. А эл бул нерсени каалабай турат. Бизде бул боюнча атайын сайт ачылып жатат. Анда «элдик люстрация» дегенди көтөрүп жатабыз. Себеби, элдик люстрацияны кабыл алмайынча эч кандай бир иш жасай албайбыз. Ошон үчүн бул сунушту кабыл алып туруп, бардыгы катыша ала тургандай кылып рейтинге коелу деп жатабыз.

Эскерте кетсек, буга чейин коомдук угууларда шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү сунушу айтылып, анда башкы маселе 9 пайыздык босого чекти 3 же 5 пайызга түшүрүү сунушу көтөрүлүп келген.

Белгилей кетсек, парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында болот.

Copyright © 2017 Maral FM