Биз менен байланышыңыз

Абылов: Ак үйдүн тосмосу мыйзамсыз алынды

Кыска кабар | 8 Ноя 2020 | 781 | 0

Жогорку Кеңештин административдик имаратын курчап турган темир тосмо туңгуч президент Аскар Акаевдин тушунда 1996-жылдардын башында тургузулган. Ак үйдүн жер төлөсүндө Жарандык коргоо обьектиси жайгашкандыктан, аны коргоо максатында ошол кездеги Өкмөт башчы Апас Жумагуловдун чечими чыгып, Ак үй курчалганын ошол кездеги Өзгөчө кырдаалдар министри Мамбетжунус Абылов маалымдады.

Анын айтымында, тосмолорду алуу үчүн биринчи кезекте Өкмөттүн чечими жокко чыгарылышы керек. Бирок ага спикердин укугу жок.

«Бул тосмо 1996-жылы мен Өзгөчө кырдаалдар министри болуп турганда курулган. Себеби Ак үйдүн астында жарандык коргоонун объектиси бар, ал мамлекеттин ишин үзгүлтүксүз жүргүзүү үчүн керек: капыстан бир окуя болуп кетсе, жер төлөгө түшүп алып иштей беришет. Корголуучу стратегиялык объект болгондуктан, өкмөттүн чечими туура болгон. Бул Абыловдун же башканын каалоосу менен орнотулган эмес». 

Эске салсак, 6-ноябрда Ак үй имаратынын айланасындагы тосмолор алынды. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин айтымында, идея президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровго таандык. Ал эми тосмолор Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов «жиберген каттын» негизинде алынды.

Copyright © 2017 Maral FM