Биз менен байланышыңыз

Абылов: Отунбаев менен Сыдыков экөө тең ТИМге ылайыктуу

Пикирлер | 15 Окт 2018 | 1015 | 0

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Отунбаев менен президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков экөө тең Тышкы иштер министрлигине татыктуу. Мындай пикирин Кыргызстандын Түркиядагы жана Малазиядагы мурдагы элчиси Мамбетжунус Абылов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Отунбаев да, Сыдыков да көп тажрыйбага ээ.

«Демоктратияга басым жасайлы десе жарандык коомдон дагы эске алуу зарыл. Экс-министр Эрлан Абдылдаевдин туруктуу иштегени жакшы болду. Анткени бийлик алмашса дагы тышкы мамиле туруктуу болушу керек. Анын жумуштан кеткенин да туура түшүнүү зарыл. Ал өз аразынын негизинде кызматтан кеткени айтылууда», — дейт Абылов.

Ал буга кошумча, элчилер президенттин эмес партиянын сунушу менен дайындалып, өлкө башчы фракциялардын сунушун угууга макул болуп жатканын айтты. Ошондой эле турмушка каныгып калган адамдар элчи болгону пайдалуу экенин билдирди.

Эске салсак, 12-октябрда Эрлан Абдылдаев Тышкы иштер министри кызматынан жана өлкөнүн Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан ээлеген кызматтан алынган. Буга чейин Кылычбек Султан аталган министрликте мыйзам бузуулар катталып жатканын айтып чыккан. Анын негизинде Коопсуздук Кеңешинин катчылыгы иликтөө жүргүзүп, министрликте кадр дайындоодо одоно кемчиликтерди аныктаган. Ал эми элчи Кылычбек Султандын Малайзиядагы жана Кореядагы дипломатиялык миссияны жетектеп турган мезгилде мыйзамды бузгандыгы айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM