Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-кытай кызматташтыгынын багыты

Коом | 2 мая 2019 | 999 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 25-28-апрель аралыгында  Кытайдын Пекин шаарында өткөн «Бир алкак-бир жол» эл аралык кызматташтык форумуна катышкан. Мунун алкагында Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуу өткөрүп, эки тараптуу кызматташтык тууралуу талкуу болгон. Бүгүн Президенттик Аппараттын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков журналисттерге президенттин Кытайдагы иш сапары боюнча кеңири маалымат берди. 

Президенттик Аппараттын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун Кытайга болгон визитинде «Бир алкак – бир жол» II эл аралык форумунун 1-сессиясында «Өнүгүүнүн жаңы кыймылдаткыч күчтөрүн изилдөө үчүн өз ара байланыштарды бекемдөө» деген темада сөз сүйлөгөндүгүн маалымдап, Жээнбеков кайсы маселелерге токтолгондугун айтып берди.

— Президент Сооронбай Жээнбеков өз баяндамасында Кыргызстандагы реформа тууралуу айтып, экономика тармагында инвесторлор үчүн жакшы шарттар түзүлгөнүн белгиледи. Ошондой эле, 28-апрель күнү эки өлкөнүн президенттери жолугуп, маданият, соода-сатык жана экономика жаатында кызматташуу боюнча сүйлөшүү болду. Мындан сырткары, транспорт жана темир жол маселеси кеңири каралды.

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен 2019-жылдын июнь айында келет. Данияр Сыдыковдун маалыматына ылайык, бул визиттин алкагында жыйырмадан ашуун документке кол коюлары күтүлүүдө.

— Президентибиз Кытайдын төрагасын Кыргызстанга чакырганын билесиздер. Кытай төрагасы чакырууну кубануу менен кабыл алды. Июнь айында мамлекеттик визит менен келери маалым болду. Иш сапар алкагында 20дай документке кол коюлары күтүлүүдө.  

Кытай — экономикасы өнүккөн лидер өлкөлөрдүн катарында. Андыктан, мындай өлкө менен бир алкакта болуп туруп, пайдаланбай коюу туура эмес, бирок ошол эле учурда кызматташууда Кыргызстандын да өз позициясы болуусу зарыл. Мындай пикирин Кыргызстандын Малайзия жана Түркиядагы мурунку элчиси Мамбетжунус Абылов билдирди.

— Кытай дүйнөдө экономика боюнча лидерлик позицияны ээлеп келүүдө. Ошондуктан, булар менен бир алкакта тургандан кийин, кызматташып бир багытта кетчү болсок, экономикабызга пайдасы чоң. Ошол эле учурда чоң өлкөгө жем болбоо да керек. Анүчүн эмне кылуу керек? Анүчүн Кыргызстандын өзүнө келген долбоорлорду жергиликтүү ишкерлерге берип, аларга жөлөк боло турган механизмдерди түзүү шарт.

Ал эми, мурдагы Экономика министри Эмил Үмөталиев Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга келүүсүнүн өлкө үчүн мааниси чоң экенин айтып, бул сапарда кайсы маселелерди көтөрүү керектигин тизмектеп берди.

— Кытайдын жетекчиси жөндөн-жөн эле мамлекеттик сапарларга чыгып, көндүм келишимдерди түзбөйт. Ошончо убактысын бөлүп келгенден кийин, көп нерсе иштелип чыгып даярдалат. Албетте, ал тараптан даярдык мыкты болот. Бирок, биз тараптан даярдык канчалык деңгээлде болот? Мына ушул маанилүү. Биринчи багыт — темир жол. Экинчи багыт — кендерди казууну тартипке келтирүү жана жол салуу. Жол салууга алар ансыз деле акча бөлүп келет. Бул багытта кызматташууну дагы да жогорулатуу зарыл. Кытай бөлгөн акчаны туура багыттап, жедирип ийбей так көзөмөлдөп, чоң компанияларды чакыруу шарт.

Эске салсак, «Бир алкак – бир жол» II эл аралык форуму Кытайдын Пекин шаарында 25-27-апрель күндөрү өткөн. Ага Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана башка 37 мамлекеттин президенти жана айрым өлкөлөрдүн премьер-министрлери катышкан.

Copyright © 2017 Maral FM