Биз менен байланышыңыз

Абылов: Президентке жакын адамдар элчи болуп калууда

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Окт 2018 | 868 | 0

Элчилерди тандоо механизми депутаттардын колунда турат. Андыктан Тышкы иштер министрлигинин тегерегиндеги иштер боюнча Кыргызстандын Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан же башканы күнөөлөгөн туура эмес. Мындай пикирин Кыргызстандын Түркия жана Малайзиядагы мурдагы элчиси Мамбетжунус Абылов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Ал эл өкүлдөрү Кылыч Султанды мактап, эки жолу элчи кылып шайлаганын айтып, сынга алды.

«Бүгүнкү парламенттин чабалдыгы, иш билбегендиги, эл үчүн эч нерсе ойлобогондугу катары бааласа болот. Президентке сунушту ТИМ даярдайт. Өлкө башчыга жакын адамдар элчи болуп калган учурлар бар. Мындан сырткары, фракция мүчөлөрүнүн дагы кызыкчылыгы болуп жатат», — дейт Абылов.

Ал белгилегендей, Кылычбек Султан маалымат жыйынын өткөрөрдөн мурда президентке, Жогорку Кенштеги тиешелүү комитетке кайрылышы зарыл болчу.

«Элчи этиканы түшүнбөй өзүн шайлагандарды аттап кетти», — дейт Абылов.

Эске салсак, Кылычбек Султан 24-сентябрда Бишкекте маалымат жыйын өткөргөн. Анда Тышкы иштер министрлигиндеги, айрым элчиликтердеги коррупция тууралуу кайрылууларын жогорку бийлик укпай жатканын айтып чыккан эле.

Copyright © 2017 Maral FM