Биз менен байланышыңыз

Дональд Лу Мамлекеттик катчынын жардамчысы болот

Кыска кабар | 24 Апр 2021 | 207 | 0

Американын президенти Жо Байден Американын Кыргызстандагы элчиси Дональд Луну Мамлекеттик катчынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы кылып дайындоо ниетин билдирген. Бул тууралуу элчиликтин «Фесбуктагы» расмий баракчасына жарыяланды.

Элчиликтин маалыматы боюнча, Түштүк жана Борбор Азия бюросу Борбор Азиядагы 5 өлкө, ошондой эле Индия, Пакистан, Афганистан, Непал, Шри-Ланка, Бангладеш, Мальдив жана Бутан менен кызматташат.

Элчи Лу мырза Вашингтондон жаңы мүмкүнчүлүктөрү менен кыргыз-америкалык мамилелерди тереңдетүү боюнча ишин улантаарына кубанычта экендигин билдирген.

Дональд Лу Американын Кыргызстандагы элчиси катары 2018-жылдын сентябрь айынан тарта эмгектенип келет.

Copyright © 2017 Maral FM