Биз менен байланышыңыз

АКШ элчилиги Кыргызстандагы акыркы окуяларга тынчсыздануусун билдирди

Кыска кабар | 16 Апр 2021 | 1364 | 0

Американын Кыргызстандагы элчилиги өлкөдө болгон акыркы окуяларга  тынчсызданган билдирүү таратты. Төмөндө эч өзгөртүүсүз жарыялайбыз:

«Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында кечээ болгон окуялар терең тынчсызданууну жаратууда. Биз президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысынын: «Пикирлерди коркутуп-үркүтүү менен билдирбөө керек, күч колдонуу менен коштолбошу керек» деген билдирүүсүнө кошулабыз.

Конституция кепилдик берген тынчтык митинг өткөрүп жаткан жарандарга каршы топтун зордук-зомбулугу жана коркутуп-үркүтүүсү – акылга сыйбаган иш. Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Өкмөтүн жана укук коргоо органдарын сөз эркиндигин жана тынч чогулуштарды ушул укуктарды чектөөнү көздөгөн тараптардан коргоого чакырат. Ошондой эле кечээки зордук-зомбулук үчүн жооптуу адамдар жана дагы өткөн жылы Аялдар күнүндөгү демонстрацияга кол салган адамдар өз иш-аракеттери үчүн жооп берген эмес. Биз Өкмөттү бул адамдардын аракеттерин териштирип, жоопко тартууга чакырабыз.

Ошондой эле, биз ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, жакында Айзада Канатбекованын уурдалышы жана өлтүрүлүшү боюнча терең кайгыбызды билдирип, анын жакындарына жана гендердик зомбулуктун курмандыктары болгон башка үй-бүлөлөргө жана алардын жакындарына көңүл айтабыз. Кыргызстан муфтийинин орун басары так айткандай, ала качуу аялдардын эркиндигине, жашоосуна, ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирет.

Гендердик зомбулук астында жашагандардын бардыгына эле эмес, бүтүндөй коомго коркунуч туудурат. Жалган каада-салттар менен туура эмес негизделген гендердик зомбулуктун айынан Айзада келечектен акыйкатсыз ажыратылды. Биз бул жерде жана дүйнө жүзүндө, гендердик зомбулуктан эркин келечекти курууну көздөгөндөр менен тилектешпиз».

Copyright © 2017 Maral FM