Биз менен байланышыңыз

Каттоого турууга кезек күткөн кыргызстандыктар арбыды

Коом , Шайлоо-2020 | 15 Сен 2020 | 1183 | 0

Келе жаткан шайлоого карата жарандар жашаган жерин өзгөртүп, каттоого туруп жатат. Мындай көрүнүш мигранттарда, анын ичинде Орусиядагы мекендештерде дагы бар. Бирок аларды каттоого алууга элчиликтин кызматкерлери жетишпей, консулдуктун алдында кезек күткөндөр арбыды.

Кыргызстанда өтө турган парламенттик шайлоого карата жарандар өзүнүн атын шайлоочулардын тизмесинен издей баштады. Алар өздөрүнө ыңгайлуу шайлоо участогуна «Форма-2» бланкасын толтуруп, каттоого туруп жатышат.

Шайлоо жөнүндө мыйзамга ылайык, «Форма-2ни» шайлоого 15 күн калгыча, тагыраак айтканда, 19-сентябрга чейин толтуруп, катталуу керек. Ал эми биометрикалык маалыматтарын тапшыра элек жарандар Калкты тейлөө борборлоруна кайрылып, каттоого турса болот.

Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык каттоодон өтүп жаткан жарандардын маалыматы базага бир жуманын аралыгында кирерин билдирди. Эгерде базага 19-сентябрдан кийин кирип кала турган болсо, шайлоочу «Форма-2ге» катталуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт. Андай учурда, шайлоочулар өзүнүн расмий жашаган жериндеги участоктон гана шайлай алышат.

Мигранттардын шайлоо укугу

Буга чейинки көтөрүлүп келе жаткан маселелердин бири – мигранттардын шайлоо укугу тебеленип жатканы болгон. Анда Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жарандарды консулдук каттоого алууда жана «Форма-2» толтурууда жакшы иш алып барбай жаткандыгын Москвадагы активисттер «Марал» радиосуна билдирген эле.

Алар шайлоочулардын тизмесине кирүү үчүн консулдукка баргандарды кабыл албай жатканын, кезек күтүү көп экендигин айтышкан.

“Мигранттын акчасын эле эмес, добушун да эсепке алалы”

Мындан бир нече күн мурда Москвадагы мекендештерге элчилик чогулуш өткөрүп, «Форма-2» менен катталуу боюнча маселе каралган. Анда консул шайлоочуларды каттоого турууга чакырганын, алар үчүн дем алышсыз иштей тургандыгын айтканын айрым активисттер социалдык тармактарда жазган.

Ага улай эле Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Борбордук шайлоо комиссиясынын Орусиядагы өкүлдөрү менен биргеликте шайлоочуларды 2-сентябрдан тарта активдүү түрдө «Форма-2» менен каттай баштаганын билдирди.

Мекеменин маалыматында, 2020-жылдын 10-июлуна карата БШКга шайлоочулардын алдын ала саны боюнча маалымат берилген. Анда шайлоого укугу бар жарандардын саны 2500гө жакын экени айтылган. Алардын тизмеси консулдун имаратында илинип турат. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин юристи Мырзапаяз Карагулов билдирди.

— 2-сентябрдан баштап «Форма-2ни» толтура башташты. Бүгүнкү күнгө чейин 1500 жаран кайрылып, каттоодон өттү. Биздин кызматкерлер иш күндөрү эртең мененки 9:00дөн кечки 21:00гө чейин иштеп жатышат. Шайлоого байланыштуу дем алыш күндөрү дагы иштеп, анда 10:00дөн 21:00гө чейин иштейбиз, — дейт юрист.

Карагулов ошондой эле 13-сентябрда 450дөй жаранды «Форма-2» менен каттоого алганын айтты. Ал эми консулдукта каттоого туруп жаткан жарандардын саны аз, анткен менен алар онлайн эле каттала алышат. Болгону сайтта көрсөтүлгөн форманы толтуруп, арыз жазат жана паспортун сканерлеп жөнөтөт.

Карагулов айткандай, дем алыш күндөрү элчиликтин алдында каттоодон өтүү үчүн кезек күткөн мигранттар көп болду. Алардын кезек күтүүсүнүн себебин, активист мигрант Максат Мамбеткулов элчилик жарандарды консулдук каттоого турууга да аргасыз кылып жаткандыгы менен байланыштырды.

— Бир жаран «Форма-2ге» катталууга келсе, ага 2-3 мүнөт эле убакыт кетет. Мен өзүм да өткөм, 3 мүнөт убакыт кеткен. Көбүрөөк жарандарыбыз шайлоого укук алат экен деп сүйүнүп калдык эле, бирок элчилик ишемби күнү түштөн кийин «Форма-2ге» дагы, консулдук каттоого дагы турууга аргасыз кылды. Ал үчүн ар бир жаранга 15-20 мүнөт убакыт кетип жатат, — дейт Мамбеткулов.

Активисттин айтымында, көпчүлүк мигранттар жумушунан суранып келип, бирок кезек күтүүгө турушпай кетип калышууда.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы койгон чектөө боюнча бир участокто «Форма-2» менен каттоого турган жарандардын саны 2500дөн ашпашы керек.  Каттоого алып жатканда биометрикалык маалыматы бар жарандарды гана БШК кабыл алат. Бул тууралуу Боршайкомдун төрага орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди:

Бардык шайлоо участокторунда «Форма-2» менен катталган шайлоочулардын саны коюлган чектөөдөн ашпашы керек. Эгер Москвада же башка жерде болсун, 2500дөн ашып кете турган болсо, биз кошумча шайлоо участокторун ачабыз. Бизде биометрикалык каттоодон өткөн жарандар гана шайлоочулардын тизмесине киргенге укуктуу.

Өлкөдөн сыртта жүргөн кыргызстандыктардын саны бейрасмий маалыматтар боюнча миллиондун тегерегинде. Анын 700 миңдейи шайлоого укуктуу жарандар. Бирок өткөн шайлоо процесстерине алардын 5 миңдейи гана катышкан.

Кыргызстанда 4-октябрга Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо белгиленген. Ага жалпы 16 партия ат салышып, 1900дөн ашуун талапкер БШКнын каттоосунан өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM