Нурлан Абдрахманов Кыргызстандын Түркиянын Стамбул шаарындагы Башкы консулу кызматынан бошотулду.
Президенттик Администрациянын маалымат кызматы билдиргендей, тиешелүү жарлыкка мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койду.
Абдрахманов аталган кызматты 2020-жылдын 13-июлунан бери аркалап келген.