Биз менен байланышыңыз

Руслан Казакбаев Орусиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Кыска кабар | 26 Июн 2021 | 368 | 0

Кечээ, 25-июнда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Тараптар алдыдагы жогорку деңгээлдеги тышкы саясий иш-чараларды жана алардын ичинде Кыргызстан менен Орусиянын Кайчылаш жылынын жабылыш аземи жөнүндө ой пикирлери менен алмашышты.

Ошондой эле эл аралык жана регионалдык уюмдардын алкагында кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгынын жана өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар президент Садыр Жапаровдун Москва жана Сочи шаарларына иш сапарларынын жыйынтыгында жетишилген келишимдерди иш жүзүндө жүзөгө ашыруу боюнча иш аракеттерди активдештирүүнүн зарылдыгын белгилешти.

Copyright © 2017 Maral FM