Биз менен байланышыңыз

Абылов: Кылычбек Султандын артында түздөн-түз Атамбаев турат

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Окт 2018 | 1086 | 0

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы мурунку элчиси Кылычбек Султан акыркы кездеги кылган аракеттеринин артында саясий оюн бар. Мындай пикирин Кыргызстандын Түркия жана Малазиядагы мурдагы элчиси Мамбетжунус Абылов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кылычбек Султан Тышкы иштер министрлигиндеги былыктардан улам маалымат жыйын өткөргөн эмес. Ал жаштык кылып бирөөнүн оюнуна кирип кеткен.

«Булардын артында түздөн-түз экс-президент Алмазбек Атамбаев турат. Себеби Сооронбай Жээнбеков президент болгон соң КСДП Атамбаевди партияга лидер кылып дайындап, Мээрбек Мискенбаев баш болуп «Асылбек Жээнбеков кетсин» деп демилге көтөрүп чыгышкан. Алардын операциясы ишке ашкан жок. Эми «президенттин бийлигин тааныбагыла деп айткыла» деп жатышат. Атамбаев буга кызыктар, анткени убагында бөпөлөп жүргөн балдары түрмөдө отурат», — дейт Абылов.

Ал белгилегендей, Атамбаев түрмөгө бара турган адамдары көп экенин сезип, өлкөдө абалды курчутуш үчүн ушундай кадамдарды жасап жатат.

«Кылычбек Султан “президентти тааныбайм” деп башпаанек сурап жатканы ошондон улам чыгууда. Бирок Баш мыйзамда элчинин бийликти танышы тууралуу норма жок. Ал «президенттин ишине ишенбей турам» десе башка болмок. Улуттук өзгөчөлүк же диний көз караш боюнча кысым болсо гана башпаанек каралат. Кылычбек Султанга эч ким башпаанек бербейт», — дейт Абылов.

Белгилей кетсек, Кылычбек Султан фейсбуктагы баракчасына чет өлкөдөн башпаанек сурап кайрылганын жана учурдагы бийликти тааныбай турганын жазып чыккан.

Абылов: Президентке жакын адамдар элчи болуп калууда

Copyright © 2017 Maral FM