Биз менен байланышыңыз

Жанар Акаев: Орозайым Нарматованы тез арада бошотууну талап кылам!

Кыска кабар | 10 Сен 2021 | 2666 | 0

Оппозициячыл «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү, активист Орозайым Нарматованын милиция тарабынан кармалышы чектен чыккан иш болду. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев «Фейсбук» баракчасына жазды.

Анын айтымында, миллиондогон коррупциялык иштерге шектелгендер ээн-эркин жүргөндө, активисттин «жети түндө» аэропорттон күч менен кармалышы укук коргоо органдарына, бийликке аброй алып келбейт.

«Жалгыз агасын жоготуп, кан жутуп Мекенине келген кызды аэропорттон кармап, күч менен алып кетишкени — эч бир салтка, адамгерчиликке жатпай турган көрүнүш. Ал коркунучтуу кылмышкер эмес. Орозайым — жаш экенине карабай, кайсыл бийлик болбосун, өз оюн эркин айтып, позициядан тайбаган эр жүрөк атуул», — деп жазган Акаев.

Ошондой эле ал Орозайым Нарматовага өз өлкөсүндө мыйзамсыз мамиле жасалып жатканын ачык айыптай турганын билдирген.

Мындан сырткары эл өкүлү Жогорку Кеңештин депутаты катары күч органдарынан кеңири түшүндүрмө берүүсүн жана Орозайым Нарматованы тез арада бошотууну талап кылган.

Copyright © 2017 Maral FM