Биз менен байланышыңыз

УКМК: Орозайым Нарматова ЖАМУнун дипломун мыйзамсыз алган

Кыска кабар | 14 Янв 2022 | 1327 | 0

Орозайым Нарматованын суракка эмне үчүн чакырылганы тууралуу УКМК маалымат берди.

Анда айтылгандай, атайын кызматка «Нарматова 2013-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 3-курсуна орто кесиптик билими жөнүндө жасалма дипломдун негизинде мыйзамсыз кабыл алынган» деген маалымат Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо учурунда түшкөн.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүргүзүлгөндө ЖАМУдагы Нарматованын өздүк делосунда орто кесиптик билимин тастыктаган документ жок болуп чыккан. Мындан улам «ал окууга мыйзамсыз кабыл алынып, жогорку окуу жайдын дипломун мыйзамсыз алган» деген тыянакка келишкен.

Тергөөнүн жүрүшүндө сессияларды жана тиешелүү экзамендерди тапшыруу учурунда Нарматованын Орусияда болгону аныкталган. Мунун негизинде атайын кызмат Нарматованы күбө катары суракка чакырган.

Сурактын жыйынтыгынан соң, ЖАМУга окууга кабыл алуу жана жогорку билими жөнүндө диплом берүү фактыларына юридикалык баа берилерин айтат УКМК.

Ошол эле учурда ЖАМУнун тиешелүү кызматкерлерине кылмыш иши козголгону белгилүү болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM