Биз менен байланышыңыз

Сот: Нарматовага карата эч кандай баш коргоо чарасы тандалган жок

Кыска кабар | 10 Сен 2021 | 730 | 0

Азыркы убакытка чейин сотко өтүнмө келип түшкөн эмес. Андыктан, Орозайым Нарматовага карата эч кандай баш коргоо чарасы тандалган жок. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту билдирди.

Жазык-процесстик кодекстин 108-беренесинин 1-3-пункттарына ылайык, прокурор сотко баш коргоо чарасын кароо боюнча өтүнмө берет.

Ал өтүнмө тергөө иштеринин жүрүшү же болбосо шектүүнү, айыпкерди кармоонун негиздери боюнча материалдар сотко келип түшкөн учурдан тартып, 2 сааттын ичинде шектүүнүн, жактоочунун, прокурордун катышуусунда тергөө судьясы тарабынан каралат.

Ушул кодекстин 98-99-беренелеринде каралган тартип боюнча кармалган шектүү соттук отурумга жеткирилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM