Биз менен байланышыңыз

Жанар Акаев «Кумтөр» иши боюнча суракка чакырылды

Кыска кабар | 2 Июл 2021 | 624 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев бүгүн 15:00гө «Кумтөр» иши боюнча Аскер прокуратурасына суракка чакырылды. Бул тууралуу депутат Рыскелди Момбеков билдирди.

Кечээ Рыскелди Момбеков өзү да Аскер прокуратурасына сурак берип чыккан. Андан 2017-жылы кабыл алынган Суу кодекси боюнча сурашкан.

Аскер прокуратурасы 2017-жылы Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси боюнча Ирина Карамушкина, Элвира Сурабалдиева жана Рыскелди Момбековду суракка алган.

Эскерте кетсек, «Кумтөр» боюнча козголгон иштин алкагында депутат Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, мурдакы премьер-министр Өмүрбек Бабанов мурдакы депутаттар Исхак Пирматов, Талант Узакбаев камалган.

Copyright © 2017 Maral FM