Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев депутаттарга ыраазычылык билдирди

Кыска кабар | 16 мая 2020 | 1185 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев дайыма колдоо көрсөткөнү жана кызматташууга конструктивдүү мамиле кылганы үчүн Жогору Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков башында турган депутаттарга ыраазычылык билдирди.

Өкмөт башчынын айтымында, парламенттик демократияны бекемдөөгө багыт алган Кыргызстанда бийликтин аткаруу жана мыйзам чыгаруу бутактарынын ортосунда тыгыз өз ара аракеттенүүнү уюштуруу дайыма курч жана кылдат мамилени талап кылган маселелердин бири болуп келген.

Мамлекеттик бийликтин бул эки институтунун байланышынын деңгээли жана мүнөзү дайыма өлкөдөгү кырдаалга жана мамлекеттик маанилүү чечимдерди кабыл алуу, аны жүзөгө ашыруу ыраатына түздөн-түз таасирин тийгизип келген. Ошондуктан акыркы жылдарда түзүлгөн Жогору Кеңеш менен Өкмөттүн конструктивдүү мүнөздөгү өз ара кызматташтык мамилеси абдан маанилүү, — деди Өкмөт башчы.

Мухаммедкалый Абылгазиев билдиргендей, өлкөдөгү парламенттик демократия күнүмдүк процесстердин жүрүшүндө элдин кызыкчылыктарын билдирүү жана аны жүзөгө ашыруу тажрыйбасына ээ болуу менен катар дагы да болсо чыңдалуу мезгилинен өтүп жатат. Жогорку Кеңеш мурда ата мекендик экономикага кесепети тие турган саясий оюндардын ордосу болуп келген. Фракциялык жыйындар партиялык кызыкчылыктарга жетишүү үчүн ачык түрдө опузалоого жеткени, ал эми эл өкүлдөрү Өкмөттүн ишине гана эмес, жадакалса, айрым ишканалардын операциялык ишмердүүлүгүнө кийлигише алат болчу.

Парламенттик күч ич ара министрлик орундар жана башка кызматтар үчүн ачык эле соодалашып, бөлүштүрүп келгени депутаттардын гана эмес, кеңири коомчулуктун да эсинде. Толук негизсиз жана экономикалык эсептөөлөргө ылайык келбеген демилгелер көп кездешчү. Мындай парламентти жаңылыштык менен күчтүү деп атагандардын пикири түшүнүксүз.

Депутаттар Өкмөт мүчөлөрү менен дайыма байланышта болуу жана көйгөйлүү маселелерди чечүүгө түздөн-түз катышуу аркылуу натыйжага жетишүүгө багыт алышкан. Мындай конструктивдүү маанайдын жаралышында өзгөчө ролду, албетте, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, көпчүлүк коалициянын лидери жана парламенттик фракциялардын жетекчилери ойнойт. Ал ар дайым Өкмөттүн ишине объективдүү жана калыс баа берүүгө аракет кылат. Төрага Өкмөттүн ишине баа берүүдө объективдүү жана калыс болууга аракет кылат.

Мен азыркы күндө парламентте жаратман күч бар экенин ишенимдүү айта алам, анткени фракциянын кызыкчылыктарынан жана жеке амбицияларынан кечип депутаттар мамлекеттик кызыкчылыкты илгерилетүүгө (көздөөгө) умтулушууда. Алар мамлекетти чыңдоо – биздин жалпы милдетибиз экендигин түшүнүшөт. Бул Өкмөт мүчөлөрүнүн урматтоосун пайда кылып, оңдуу иш маанайын жаратат», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев  өз билдирүүсүндө.

Copyright © 2017 Maral FM