Биз менен байланышыңыз

Абанын булгануусу: себеп жана сунуштар

Коом , Кыска кабар | 11 Дек 2019 | 2072 | 0

Бишкек шаарында абанын булганычы нормадан 2-2,5 эсе жогору. Автоунаалардан чыккан түтүн зыяндуу заттардын 60 пайызын түзүп, абанын булгануусуна себеп болгон негизги факторлордун бири. Мындан улам бардык унаа ээлерин транспорт каражатын техникалык кароодон өткөрүүгө милдеттендирүү демилгеси көтөрүлүп жатат. Бирок айдоочулардын басымдуу бөлүгү бул сунушту колдобойт. 10-декабрда Бишкекте абанын булгануусун азайтуу максатында тиешлүү органдардын катышуусунда жыйын уюштурулду. Анда абаны жакшыртуу багытында маршруттук каттамдагы кичи автобустардын санын кыскартып, жаратылыш газы менен жүрүүчү чоң автобустардын, ошондой эле троллейбус линияларынын санын көбөйтүү сунушталды.


Дилшад Рахмонов үйүн көмүр менен жылытат. Бул электр жарыгы менен ысытканга караганда бир топ арзанга турарын айтат.

— Көмүр жаккандар көп. Анткени арзанга түшөт. Электр менен жылытуу кымбат турат. Бир айда баасы 7-10 миң сомго чыгып кетет. Ал эми бир тонна көмүрдү 2 ай жакса, 3500-4000 сом эле коройт. 

Бирок абанын булгануусуна траспорт каражаттарынын көбөйүүсү, көмүр, синтетикалык каражаттарды жагуу себеп болуп жатат. Учурда көмүр жагуу 2 эсеге өскөнүн Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгынын башчысы Аязбек Кыдыргычев билдирди. Ал абаны таза кармоо үчүн жарандар көмүрдү аз колдонгондой шарт түзүү керектигин, ал үчүн электр энергиясына коюлган чекти алып салуу зарыл экенин белгиледи.

— Жаңы конуштардын тургундары газды чай кайнатуу үчүн гана колдонушат. Турак жайды жылытуу үчүн пайдаланышкан жок. Анткени газ менен иштей турган мешти коюу үчүн чоң каражат талап кылынат. Ошондуктан элге субсидия берүү үчүн гранттык акча табуу керек. Жеңилдетилген кредит болобу, ссуда болобу, айтор, жарандарга шарт түзүлсө, алардын газ колдонуусуна өбөлгө түзүлөт. Дагы бир орчундуу маселе электр энергиясына колюган чекти алып салуу керек. Ал абадагы түтүндү кескин түрдө азайтууга чоң өбөлгө болмок. Бул боюнча сунуш кылдык. Бирок бизде энергетикалык лобби бар, аны баары билет. Ошолордон өтпөй жатат. 

Жыл сайын Бишкекте абага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын жалпы көлөмү 240 миң тоннаны түзөт. Анын 180 миң тоннасы автоунааларга тийииштүү. Мындан улам, жеке жактарга да транспорт каражатын техникалык кароодон өткөрүү милдетин жүктөө сунушталды.

Бишкекте эл ташыган 47 унаа ишканасы иштеп, шаар боюнча 3,5 миң кичи автобус каттайт. Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциясынын Бишкек шаардык башкармалыгы абанын булгануусун азайтуу максатында акыркы 1 айдан бери калаадагы кичи автобустарга текшерүү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу аталган башкармалыктын башкы инспектору Камил Султанмуратов төмөнкүлөрдү айтты.

— Кичи автобустар менен иштеген ЖЧКлар бар, алардын он экисин текшердик. Жыйынтыгында, 50 пайыздай нормадан ашкан көрсөткүч болуп жатат. Ошондуктан техникалык кароону башкача тартип менен киргизүү сунушу берилген. Ал боюнча өкмөт, Жогорку Кеңеш иштеп жатат.

Ал эми айдоочулар буга кандай карашат. Айрымдарын кепке тарттык.

Техникалык кароонун кереги жок. Анткени жакшы текшерилбейт, болгону айдоочулардан акча алып коёт. 

— Милдеттүү техникалык кароону колдобойм. Ал ишке ашса эмне өзгөрмөк? Эч кандай жылыш болбойт. 

— Техникаылк кароодон милдеттүү түрдө 6 айда бир өткөрүү зарыл. 

— Абанын булгануусуна транспорт каражаттары гана эмес жагылып жаткан көмүр, синтетикалык материалдардан чыккан зыяндуу заттар себеп болууда. Отун жакпоо үчүн электр жаргына болгон бааны төмөндөтүү шарт. Нарк ылдый болсо, баары үйүн электр жарыгы менен жылытууга өтмөк.

Көпчүлүк айдоочулар унаадан чыккан зыяндуу заттарды филтрлөөчү тетикти алдырып салат. Анткени филтрди мезгил-мезгили менен тазалап туруу зарыл. Ага каражат коротууну каалабаган айдоочулар траспорт каражаттарын техникалык кароого киргизүү демилгесин колдоого албай турганын увтонаа устасы Калыйнур Каалайбеков айтып берди.

— Сөзсүз түрдө унаада фильтр болушу керек. Бирок айдоочулар фильтр толуп, унаасы тартпай калганда аны алдырып салышат. Ошол бойдон зыяндуу заттар абага тарап, жүрө беришет. Анын үстүнө унаанын фильтрин көзөмөлдөй турган аппарат да жок болсо  керек. Мисалы, Казакстан, Орусияда транспорттун фильтри сөзсүз текшерилет. 

Жеңил өнөр жай ишканалардан чыккан калдыктарды, унаа дөңгөлөктөрүн колдонуу да абанын булгануусуна терс таасирин тийгизүүдө. Бишкек мэриясы мыйзамсыз каражаттарды жагууга каршы рейд жана түшүндүрүү иштерин жүгүзүп жатат.  Мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясынын башкы адиси Бердибек Кыштообаев экологиялык маселелерди чечүү багытында жасалып жаткан иштерди санап өттү.

— Таштандыларды туура эмес жерге таштап, атмосфераны кирдетпөөсү үчүн көбүнчө базарларды текшеребиз. «Тазалык» ишканасына кар жааган мезгилде көчөлөргө кум эмес туз себүү тапшырмасы берилген. Анткени кумду шыпырганда чаңыйт. Азыр жалаң гана туз себилип жатат. Мындан сырткары, калктуу конуштардагы жеке менчик мончолорго күн сайын рейд жүргүзүп жатабыз. Ошондой эле быйыл «Жашылдандыруу» муниципалдык ишканасы бир топ бак-дарак тикти. 2020-жылга да жаңы парк, скверлерди салуу тапшырмасын алышты. 

Азыркы тапта Бишкекте абанын булганычы нормадан 2 — 2,5 эсе жогору. Калаанын абасынын булгануусу экстремалдуу өтө жогорку деңгээлге жеткен учурлар каттала элек. Зыяндуу заттардын басымдуу бөлүгү автоунааларга тийиштүү. Ушундан улам Курчап турган айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги өкмөттүк эмес уюмдарга, жарандык активисттерге такталбаган маалыматтарды таратып, элди дүрбөлөңгө салбоого чакырат.

Бирок Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу “Алдын алуу медицина” илимий-өндүрүш бирикмесинин директорунун милдетин аткаруучу Анара Шахматова транспорт каражатынан адам ден соолугуна терс таасир тийгизген 1000дей химиялык булгоочулар чыгарын айтат.

Азыркы тапта беткап тагуунун зарылчылыгы жок. Аны тумоо болуп, аба булганган кездерде гана кийүү керек. Калган учурда беткап кийилбейт. Аба булганган маалда адамдарда баш оору пайда болуп, иштөө жөндөмдүүлүгү азаюуда. Кир аба дем алуу органдарын сезгентип, бронхит, астма ооруларын козгойт. Мындайда абалда жаш балдарга, кош бойлуу айымдарга жана улгайган жарандар өзгөчө сак болушу зарыл. Алсак, адамдар транспорт көп жүргөн жерлерден алыс болуп, туура тамактануусу кажет. Мындан тышкары, спорт менен машыгуу абзел. 

Ал эми Кыргызгидромет борборунун абанын булганышына байкоо жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Мээрим Асанбай кызы абанын булгануусуна метеорологиялык шарттар да таасир этип жатканын белгилейт.

— Шамалдын ылдамдыгы жай болуп, атмосферадагы кирдетүүчү заттардын кармалып туруусуна себеп болуп жатат. Абаны кирдетүүчү заттардын дээрлик көпчүлүгү жагуу процессинен келип чыгат. Жагууга көмүр, резина колдонуу, унааны башкаруу, (анткени бензин жагылат) ЖЭБди иштетүү кирет. Андыктан абадагы зыяндуу заттардын бул бөлүгү ЖЭБден, ушунча пайызын транспорт каражаттарынан чыккан түтүндөн улам пайда болууда деп айтуу өтө кыйын. Бишкекте 8 жерде абанын булгануусуна мониторинг жүргүзүлөт. Анын жыйынтыгында, абасынын булганычы нормадан  1.5-2.5 эсеге ашкандыгы аныкталган. Автомобилден чыккан зыяндуу заттар ар дайым 2.5 эсе жогору болуп турат. Учурда сайтыбызда  абанын кирдеши боюнча атайын бөлүк даярдап жатабыз.

Жакында абадагы зыяндуу заттарга анализ жүргүзүлүп, маалымат берилет. Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин өкүлү Аязбек Кыдыргычев ушул күнгө чейин тийиштүү анализ жүргүзүлбөй келгенин төмөнкүчө түшүндүрдү:

— Ачык айтуу керек, эң аксаган жерибиз биздин аналитикалык бөлүмүбүздүн жоктугу. Штатты кыскартып отуруп, керек болсо Бишкекте 2 районду бир адис карайт. Экология дегенибиз менен бизге көңүл буруу азыраак болуп жатат. Ал эми аналитикалык иш жүргүзүп, жыл сайын так маалымат берип туруу үчүн өзүнчө башкармалык керек. Жетекчилерибиз штат кошуп, кырдаалды оңдоо боюнча өкмөт менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. 

Белгилей кетсек, Кыргызстанда абанын булгануусун жоюу жана анын кесепеттеринин алдын алуу боюнча эл өкүлдөрү Абдывахап Нурбаев, Жанар Акаев баштаган бир катар депутаттар тарабынан тиешелүү мыйзам долбоору иштелип чыгып, Жогорку Кеңештин расмий сайтына коомдук талкууга коюлган.

12-декабрда «Таза аба» демилгесинин шартында сунушталган аталган мыйзам долбоору боюнча коомдук угуу өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM