Биз менен байланышыңыз

Бүгүн өлкө боюнча ишембилик өтүүдө

Кыска кабар | 16 Мар 2019 | 693 | 0

Кыргызстанда бүгүн өлкө боюнча ишембилик өтүп жатат. Бул күнү өлкө жарандары, мекеме-ишканалардын кызматкерлери калктуу конуштардын көчөлөрүн тазалап, көчөттөрдү отургузууда. Бишкекте өткөн ишембиликке президент Сооронбай Жээнбеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баш болгон өлкө жетекчилери да катышты.

Кыргызстанда 1-марттан тарта 31-майга чейин жалпы өлкө боюнча үч айлык ишембилик өнөктүгү жарыялаган.

Бүгүн, 16-мартта Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Жогорку Кеӊешинин депутаттары, Аппараттын жана Иш башкармалыктын кызматкерлери борбор калаанын Эркиндик бульварында уюштурулган ишембиликке катышты. Бул тууралуу Парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

Иш-чара шаарлардагы жана республиканын калктуу пунктарындагы санитардык абалды жакшыртуу, көрктөндүрүү жана бак-дарактуу аймактардын аянтын кеңейтүү багытында жарыяланган үч айлыктын алкагында өткөрүлдү.

Ишембиликке катышкандар Эркиндик бульварына 350 эмен көчөтүн отургузуп, жол жээктериндеги таштандыларды тазалашты. Төрага Дастанбек Жумабеков баш калааны жашылдандырууга жана дарак көчөттөрүн отургузууга өзгөчө көңүл буруу керектигин билдирген.

“Акыркы жылдары шаарлардагы жана айылдардагы жашоо шартты жакшыртуу менен экологияны коргоо маселесине жогорку деңгээлде көңүл бурулуп, өзгөчө маани берилүүдө. Ага ылайык, жыл сайын Жогорку Кеңештин депутаттары, Аппараттын жана Иш башкармалыктын кызматкерлери да ишембиликке чыгып, көчөттөрдү тигүү менен өзүнө бөлүнгөн аймактарды тазалап келет. Бүгүн биздин кызматкерлер тарабынан олтургузулган ар бир көчөт келечекте калаа тургундарына жана шаар конокторуна жагымдуу маанай тартуулап, калаага көрк кошот деп ишенем”, – деди Дастан Жумабеков.

Copyright © 2017 Maral FM