Connect with us

Москвада Чыңгыз Айтматов сейил багына көчөт отургузулду

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Апр 2019 | 629 | 0

Кечээ, 13-апрелде Москва шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы сейил багынынын аймагында Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Евразиялык Экономикалык Комиссиянын, Кыргызстандын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлү, Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Москва шаарындагы Өкүлчүлүгү, Москва шаарындагы кыргыз диаспорасынын коомдук уюмдары, жалпы Москва шаарында жашап, иштеп жатышкан мекендештер, жана  жогорку окуу жайларда билим алып жаткан студенттер менен биргеликте ишембилик өткөрдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат катчысы Гүлбарчын Байымбетова билдирди.

Ишембиликке атактуу режиссер, Кыргызстандын кино өнөрүнүн легендарлуу инсаны Болот Шамшиев да катышты.

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов Чыңгыз Айтматовдун атын алып жүргөн эс алуу багын тазалоо, жашылдандыруу чакырыгын кабыл алып, келип берген бардык мекендештерге чын дилден ыраазычылыгын билдирди.

Ишембиликте эс алуу багын тазалашып, клен дарагынын көчөттөрүн отургузушту.

 

Copyright © 2017 Maral FM