Биз менен байланышыңыз

Премьер-министр «Ынтымак» паркына көчөт отургузду

Кыска кабар | 21 Сен 2019 | 466 | 0

Бишкектеги «Ынтымак» жаңы паркында бүгүн ишембилик өттү. Ага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышып, көчөт отургузду. Ишембиликке Абылгазиев жубайы, эки уулу менен келди. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ишембиликке жалпысынан 100дөй адам катышып, бак тигип, шыпырып-тазалап, парктын айланасын көрккө келтиришти.

Премьер-министр Абылгазиев Өкмөт шаардын экологиялык абалын жакшыртууга көңүл бөлөрүн айтты.

Copyright © 2017 Maral FM