Биз менен байланышыңыз

Жыйынтыгы белгисиз жашылдандыруу акциясы

Коом | 19 Мар 2019 | 1772 | 0

1-марттан 31-майга чейин республика боюнча көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча үч айлык иш аракет башталды. Бул чечимге 2-мартта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Жарлыктын негизинде жашылдандыруу иштери кандай жүрүүдө?

Биз алгач шаардын жашоочуларына буга чейинки жана жаңы жарыяланган жарлыктын негизинде өлкөнү жашылдандыруу аракети боюнча кандай иш алып барылып жатат? Жергиликтүү жашоочулар жашылдандырууну сезип жатабы? деген суроо менен кайрылдык.

-Негизи Өкмөт бизге жакшы эле иштерди жасап жатат. Пенделер аны талкалап, тоноп сындырып жатабыз. Жаман кадамдарды жасап жатсак, өнүгүп жатканы байкалмак беле?

-Радио, теледен эле көрүп жатам. Укмуш кылып салабыз, баштадык дегендерин. Бирок шаар аралап бассаң, анын бири байкалбайт.

-Мен кечке жумушта болом. Иштеген жеримдин көчөсү ошол эле бойдон. Чет жерден келген туристтерден уялам. Жок дегенде алакандай Бишкекти жашылдандырып койсо!

Быйыл өлкөнү көрктөндүрүүгө Токой-чарба агенттиги 2 млн ашык көчөттүн 40тан ашуун түрлөрүн аймактарга бөлүштүрүп берди. Ал эми көчөттөрдүн баасы беш сомдон беш миң сомго чейин бааланарын аталган агенттиктин басма сөз кызматынын жетекчиси Бактыбек Рысалиев “Маралга” айтты.

-Учурда агенттик тарабынан өндүрүлгөн көчөттүн эки миңден ашык көчөттүн кыркка жакын түрлөрү бардык аймактарга бөлүштүрүлүп берилди. Ал эми көчөттүн баасы 5 сомдон 5000 сомго чейин бааланат. Облустардын айыл-өкмөттөрү каалаганын сатып алып, тигүүгө болот.

Жалпы мамлекетти көрктөндүрүүдө борбор калаада он миңге жакын бак-дарак, бадалдардын көчөттөрү отургузулат. Аны менен катар 2,2 миллион даана бир жылдык гүлдүн көчөттөрү да тигилет. Жашыл шаарды курууга борбордун жаштары, студенттер колдоо көрсөтүүгө макул экенин “Бишкек жашыл чарба” ишканасынын жетекчиси Элнура Жолдошева билдирди.

-Бизде бул жумуштар адистердин консультациясы, көзөмөлү менен өткөрүлөт. Негедир бардыгы ойлой беришет, келдип бак-дарактарды отургузуп эле кетип калат деп. Жок бак-дарактарды отургузгандан кийин ошол жерди тазалап, жыйнап, чуңкур болуп калган жерлерди түздөп кетишибиз керек. Жөн эле бир жерди казып, бак-даракты эптеп-септеп отургузуу эмес ишембиликтин милдети. Кыргыз элине кайрылып кетет элем. Келгиле ишембиликке чыгалы, борборубузду жашылдандыралы.

Анткен менен шаарды жашылдандыруу аракети экологияга терс таасирин берип жатат дейт эколог Динара Кутманова. Анын айтуусунда Бишкектин жолдорун кеңейтебиз деп бак-дарактарды кыйып салууда. Бир гана план толтурууну көздөп, өсүп жаткан көчөттөрдү түп орду менен алып, башка көчөттү отургузууда. Бул жерде жаңы тиккен бак-дарактар өсөбү? деген суроо пайда болот дейт эколог.

-Аракет кылып жаткандары жакшы. Бирок ошол эле учурда шаарларда абал өтө эле курч болуп жатпайбы. Мисалга алсак Бишкектин жолдорун кеңейтебиз деп, жакшынакай өсүп жаткан бактарды кыйып салууда. Пландарды түзүп жатканда экология маселеси такыр каралбай калууда. Жыл сайын эле айлана-чөйрөнү кароо агенттиги баланча миң көчөт отургуздук, бак тиктик дейт. Бирок ошол бактар өсүп жатабы? деген суроо пайда болот. Бул жөн гана планды аткаруунун негизинде жасалып жаткан иш-аракеттер.

Кыргызстанды көрктөндүрүү жөнүндө жарлык боюнча жер-жерлерде иштер башталдыбы, кандай кадамдар ташталып жатат? деген суроону өкмөттүн уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүм башчысынын орун басары Жетиген Бакировго кайрылдык. Анын айтымында түштүк жергесине жаз мезгили эрте келгендиктен алгачкы иш аракеттер көрүлүп жатканына токтолду.

-Буйрукту аткаруу боюнча аракеттер жүрүп жатат. Жаз мезгили жаңы гана келип жаткандыктан, алгачкы кадамдар түштүк жергесинде аткарылууда. Ал эми Талас, Нарын жергесине өзүңүздөр жакшы билгендей жаз кеч келет. Бул жарлыктын негизинде ай сайын отчет алып, текшерип турабыз.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 1-мартынан тарта үч айлык өлкөнү көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Жарлыктын негизинде Бишкек «Жашылдандыруу» ишканасы борборубузга жалпы 5084 жалбырактуу, 2 822 ийне жалбырактуу бак жана 2522 түп бадал тигет.

Copyright © 2017 Maral FM