Биз менен байланышыңыз

Тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар

Кыска кабар | 8 Мар 2021 | 507 | 0

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 8-9-март күндөрү жаай турган жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүп, кар күрткүсү пайда болушу мүмкүн.

Ошондой эле Бишкек-Ош автоунаа жолунун Төө-Ашуу ашуусу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайы, Суусамыр-Талас-Тараз автоунаа жолунун Өтмөк ашуусунда, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 74-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка автоунаа жолунун Чапчыма ашуусунда, Казарман-Актал-Чат автоунаа жолунун Ийри-Суу тилкесинде, Кара-Гөө ашуусунда да кооптуу абал жаралышы мүмкүн. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Copyright © 2017 Maral FM