Биз менен байланышыңыз

Ишканалардын дебитордук карыздары көбөйүүдө

Коом , Кыска кабар | 26 Июн 2020 | 723 | 0

Коронавирус пандемиясынан улам жарандар тиешелүү төлөмдөрү төлөй албай, ишканалардын дебютордук карыздары өсүп жатат. Алсак, керектөөчүлөр «Түндүкэлектр» ААКсына 705,5 млн сом, «Тазалыкка» 70 млн  240 миң сом карыз. Ошондой эле, башка мекемелердин да дебютордук карыздарын жана алардын өсүү темпин билип көрдүк.

Акыркы беш айда «Түндүкэлектр» ААКсынын абоненттери мекемеге 705,5 млн сом карыз болгон. Жыл башынан бери дебитордук карыз 86,9 млн сомго же 14 пайызга жогорулаган. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматкери Бегимай Төрөбаева «Маралга» кабарлады.

Маалыматка ылайык, «Түндүкэлектр» 2020-жылдын беш айына карата 2 млрд. 766 млн. кВт/саат электр энергиясын өндүргөн. Бул 2019-жылдын 5 айына салыштырмалуу 40 млн. кВт/саатка аз. Мындай айрымачылыкка өлкөдөгү өзгөчө кырдаал таасир эткен. Анткени бир катар өндүрүш абоненттери ишин токтоткон.

Товардык продукциянын көлөмү 3 млрд 667 млн сомду түзгөн. Төлөм чогултуу 96,7 пайызга аткарылып, 3 млрд 545 млн сом өлчөмүндө төлөм чогултулду. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10.6 пайызга аз.

— «Түндүкэлектр» электр энергия карызын топтобостон, төлөмдү өз убагында жүргүзүүгө чакырат. чогултулган төлөмдүн көлөмү күз-кыш мезгилине карата жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерине таасирин тийгизбей койбойт. 

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 26-мартынан тарта акционердик коом, өкмөттүн сунушун эске алып, 3 айга карызы бар абоненттерге электр энергиясын берүүнү токтоткон.

«Түндүкэлектр» Чүй, Талас облусун жана Бишкек шаарын тейлейт.

Учурда «Бишкекжылуулук» ишканасынын абоненттери мекемеге 356.2 млн сом карыз.

Аталган ишкананын абонеттик бөлүмүнүн башчысы Динара Турдубаеванын айтымында, «Бишкекжылуулук» ишканасынын дебитордук карызы март айында 462.3 млн сомду түзгөн.

Ал эми акыркы үч айда (март-июнь айларынын аралыгында) дебитордук карыз 356.2 млн сомду түзүп, 23%га төмөндөдү.

Өткөн жылдын март айында аласанын көлөмү 363.2 млн сомду, июнда 192.2 млн сомду түзүп, дебитордук карыз 47 пайызга төмөндөгөн. Бирок жалпысынан алганда өткөн жылдын 1-июнуна карата дебитордук карыз 85%га өстү.

Ошол эле учурда акыркы үч айда төлөм чогултуу 21%га төмөндөдү. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 23.6 млн сом аз чогултулду.

— Эл иштебей, төгүмдөрдү төлөй албай жатат. «Акчабыз жок» деп ачык эле айтышууда. Өкмөттүн токтомуна ылайык, дебитордук карыздар менен иш алып баруу чектелген. Апрель айында карыздарга каралган туумдар токтотулган. Эми августтан тарта кайра туум эсептелип баштайт. 

Июнь айына карата «Бишкексууканал» ишканасынын дебитордук карызы 125 млн 96 миң 396 сомду түзүп, жыл башынан бери 54 пайызга жогорулаган. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат катчысы Эрлан Тимуров билдирди.

Ал белгилегендей, январь айына карата «Бишкексууканал» ишканасынын дебитордук карызы 68 млн 49 миң 380 сомду түзгөн.

Керектөөчүлөрдөн төлөмдөрдү чогултуу төмөндөгөн. Алсак, бюждеттик уюмдар төгүмдөрдү 72% төлөштү. Өткөн жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 94 пайызды түзгөн.

Ал эми эл былтыр 94.6%ын төлөсө, быйыл 79% төлөдү. Коммерциялык ишканалар 2019-жылы төгүмдөрдү 95% төлөсө, быйыл 72% төлөштү.

— Абалды эске алуу менен «Бишкексууканал» карыздарды төлөбөгөндүгү үчүн калктын, коммерциялык уюмдардын суусун өчүргөн жок. Пандемияга  байланыштуу суу көп керектелди. Керектөө былтыркыга салыштырмалуу 5 пайызга жогорулады.

Жарандардын «Тазалык» муниципалдык ишканасына болгон карызы 70 млн  240 миң сомдун тегерегин түзөт. Бул тууралуу аталган мекенинин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, карантин убагында таштандынын көлөмү өзгөргөн эмес.

Белгилей кетсек, таштанды үчүн карыздарга туум эсептелбейт.

Copyright © 2017 Maral FM