Биз менен байланышыңыз

Гонконгдо оппозициячыл медиамагнат Жимми Лай күрөөгө бошотулду

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Авг 2020 | 571 | 0

Оппозициялык бизнесмен жана басмаканачы, Гонконгдогу нааразычылык кыймылынын уюштуруучуларынын бири, медиамагнат Жимми Лай камактан 32 миң евро күрөө менен бошотулду. Ошондой эле шарт менен башка активисттер да бошотулган. Бул тууралуу Гонконгдун South China Morning Post гезити жазды. Кытай бийлиги аларды өткөн жылдагы башаламандыктардын уюштуруучусу деп эсептейт.

71 жаштагы Лай полиция бөлүмүнөн чыкканда, аны Гонконг демократия кыймылынын жүздөгөн жактоочулары тосуп алышкан. Күрөөдөн тышкары Лай кошумча коопсуздук төлөмүн төлөшү керек болчу. Бирок анын суммасы көрсөтүлгөн эмес. Ушундай эле шартта дагы бир катар активисттер бошотулган.

Жимми Лай жана 39 жаштан 72 жашка чейинки дагы жети киши 10-августта Гонконгдо полициянын бирдиктүү операциясы учурунда коопсуздуктун жаңы мыйзамын бузду деген шек менен кармалышкан. Медиамагнат Лай  «чет өлкөлүк бийлик менен тымызын сүйлөшүп, жалган сүйлөшүүлөрдү өткөргөн» деп айыпталууда. Кармалгандардын ичинде Лайдын эки уулу жана ал жетектеген «Next Digital» корпорациясынын эки топ-менеджери бар. Бул Гонконгдун улуттук коопсуздугу жөнүндө мыйзамы 30-июнда күчүнө киргенден бери жасалган эң ири операция. Аны бузган адам өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Copyright © 2017 Maral FM