Биз менен байланышыңыз

Ташкент бийлиги жаңы жылдык салюттан баш тартты

Дүйнө , Кыска кабар | 31 Дек 2019 | 2148 | 0

Ташкент бийлиги шаар тургундарына бул жылы жаңы жылдык салют болбой турганын эскертти.

Шаардык администрациянын маалымат кызматы билдиргендей, тургундардан майрамдык салют болобу деп сурагандар көп болууда. Бирок быйыл жаңы жылдык салют атылбайт. Бийлик, майрамдык фейерверктен баш тартуунун себебин – туруксуз аба-ырайы менен түшүндүргөн.

Кошумчалай кетсек, Бишкек майрамдык фейерверкке 683 миң 651 сом бөлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM