Биз менен байланышыңыз

Быйыл салют сатып алгандар аз

Коом | 22 Дек 2018 | 1258 | 0

Көпчүлүгүбүз жаңы жылдык майрамды салюттарсыз өткөнүнө көнгөн эмеспиз. Жыл санак алмашып, жаңы жылга кадам таштаганда ар бир үй-бүлө жок дегенде бирден салют аттырып, тосуп алган адат болуп калган. Бирок акыркы учурдагы экологиянын бузулушунан улам экологдор көз ирмемдик кооздук үчүн экологияны бузбоого чакырышат. Анын үстүнө мындай демилгени Бишкек шаардык мэриясы да көтөрүп чыкты. Буга шаар тургундары кандай карайт?

Колдойбуз. Мен да үй-бүлөмө айтам.

-Экологияны сактайлы дегени жакшы. Бирок бир күндө эле тазаланып калбайт го деп ойлойм. Анын үстүнө Жаңы жылды салютсуз элестете албаймын.

-Биз азырынча ойлоно элекпиз. Сатып албайбыз го. Балкондон эле көрүп коёбуз.

Жыл сайын майрамга аз убакыт калганда базарларда пиротехникалык каражат саткандар көбөйүп, арасында мыйзамдуу да, мыйзамсыз да иш кылгандары болот. Бирок соодагерлер бул жылы алар үчүн пиротехникалык каражаттарды сатууга пайдалуу болбой жатканын айтышат. Анткени алуучулар аз жана сатууга уруксат алуу машакаты көп.

Биз быйыл саткан жокпуз. Анткени уруксат алуу машакаты көп. Андан көрө тынч эле сатпай коюу керек.

-Пиротехникалык каражаттар бул жакта турсун, жада калса, жөнөкөй жылтырактар өтпөй жатат.

-Эл сурап жатат. Бирок өткөн жылдагыдан азыраак.

Жылытуу мезгили башталгандан бери Бишкекте каптаган кара түтүн коомдун талкуусунда болуп, экологдор дагы кулак кагыш кылышууда. Алардын айтымында, өзгөчө жаңы жылдык майрам күнү аттырылган салюттардан чыккан заттар абаны эселеп булгайт. Мындан улам мэриянын демилгеси колдоого аларлык экенин айтып, шаар тургундарын да бул демилгени колдоого чакырышат. Анткени бир канча көз ирмем үчүн аттырылган ар бир пиротехникалык каражаттан зыяндуу заттар бөлүнүп чыгып, кислоталык жаан аркылуу адамдын ден соолугуна да түздөн-түз зыянын тийгизет. Бул боюнча эколог Нурзат Жумамүдүнова айтып берди.

Мисалы, диоксин газы, күкүрттүн эки валент, үч валент оксиди, азоттун эки валент оксиди. Бул бөлүнүп чыккан заттын баары ден соолукка зыян. Анткени алар абага көтөрүлүп, кислоталык жаан болуп, кар аркылуу топуракка түшүп, кайра ал өсүмдүктөргө зыян тийгизет. Ал кайра эле ал менен азыктануучуларга айланып келет. Андан тышкары дем алуу органдарына да түздөн-түз таасирин тийгизет. Астма, жүрөк, кан тамыр оорулары барлар үчүн коркунучтуу.

Ал эми ар кандай өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу максатында экотехинспекция дагы мыйзамсыз пиротехникалык каражаттарды сатууга тыюу салып келет. Экотехинспекциянын өрт көзөмөл башкармалыгынын башчысы Таалайбек Өмүрзаковдун айтымында, эскертүүлөр тиешелүү тараптарга жиберилген.

Биз мыйзамсыз сатуулар боюнча, жайма базарлар боюнча мэрияга, атайын өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнө кат жибергенбиз. Ал каражаттарды сатуу үчүн уруксат болушу шарт.

Кыргызстанда сатылып келген пиротехникалык каражаттардын дээрлик көпчүлүгү Кытайдын өндүрүлгөн. Буга байланыштуу акыркы учурдагы окуялардан улам Кытайдын пиротехникалык каражаттарын колдонууга каршы чыгып, социалдык тармактарда бири-бирин жаңы жылда салют атпоого чакырып жаткандар да жок эмес.

Copyright © 2017 Maral FM