Биз менен байланышыңыз

Сүйлөшүүлөрдөн майнап чыккан жок. Унаалар кымбаттайт

Коом | 20 Ноя 2019 | 1288 | 0

Евразия экономикалык Биримдиги уюму Кыргызстандын унаа бажысы боюнча өтүнүчүн колдогон жок. Анда кечээ күнү Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын жыйыны өтүп,  жыйында кыргыз тарап үчүнчү өлкөдөн кирген автоунааларга бажы алымдарын учурдагы баа менен сактап турууну өтүнгөн. Бул сунуш уюмдун башка мүчөлөрү тарабынан колдоого алынган эмес. Буга чейин элге үмүт берген 3,5 жылдык мөөнөткө узартуу сунушунун тагыдыры чечилип, 2020-жылдын 1-январынан тарта үчүнчү өлкөлөрдөн ташылып келинген унаалардын бажы төлөмү 11 пайызга кымбаттайт. Бул чечимди ишкерлер, коомдук активисттер кандай деп баалашат болду экен?

Мамлекеттик бажы кызматы 2020-жылдын 1-январынан тарта үчүнчү өлкөлөрдөн ташылып келинген унаалардын бажы салыгы 11 эсеге кымбаттайт деген маалымат тараткан. Коомчулукта бажы тарифинин мөөнөтүн 3,5 жылга узартуу сунуштары көтөрүлүп, «бул аракетке экономика министрлиги эч кандай реакция кылбай жатат» деген да пикирлер айтылган эле. 19-ноябрда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын жыйыны өтүп, анда бул сунуш колдоо таппаганын Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигиндеги атайын өкүлү Алмаз Сазбаков билдирди.

Кыргыз Республикасында унааларды жеңил тариф менен ташып келүүгө убакытты узартуу маселеси каралып чыкты. Тилекке каршы, муну Евразиялык экономикалык биримдиктин кеңеши колдогон жок. Бул эмнеден кабар берет? Эми 2020-жылдан тарта жалпы Евразиялык тариф күчүнө кирет.

Унаалардын кымбатташы Москвада чечилет

Биримдикте кирбеген өлкөлөрдө унаалардын бажы салыгы көбөйсө кандай болот? ЕАЭСтеги мамлекет чыгарган унаалардын коопсуздугу канчалык деңгээлде каралган? Биз бул суроолорго жооп издеп көрдүк.

Жеке ишкер, Америкадан Кыргызстанга унаа ташып иштеген Уланбек Исаков «кардарларым акчаларын кайра кайтарып алып жатат», — дейт. Орусиядан келген унаалардын сапаты ошол эле Америка же Германияныкына жетпей турганын айтып, буларга токтолду:

-Мен Америкадан Кыргызстанга унааларды дүң жана чекене баада алып келип берем. Үй-бүлөмдү ушул жумушту аткаруу менен багып жатам. Бирок учурда биздин кардарлардын көбү акчасын кайтарып алып, 1-январга чейин жетишпей калат экенбиз деп жатышат. Биз ал жактан унааны алып келе жатканда, салыгын төлөп мамлекеттин казынасына кадимкидей пайда келтирчүбүз. Бул жерде болгону Орусия өзүнүн эски унааларын бизге сатууну көздөп жатат. Бирок ал жактан келген машиналар биздин экологиябызга терс таасирин тийгизип коёт. Ошондой эле, ал жакта деле жолдор шумдук түз эмес да, туз себилет дегендей. Унаанын сапаты кадимкидей кетип калат. Америкадан, Германиядан келген машинаны айдап көнгөн адамдар Орусияныкын айдаш кыйынчылык жаратат деп айтышат.

ЕАЭБ Кыргызстандын бажы боюнча өтүнүчүн колдогон жок

Буга чейинки өткөн жыйындарда үчүнчү өлкөлөрдөн ташылып келинген унаалардын бажы төлөмүн 3,5 жылга узартуу сунушу айтылган эле. Мурунку экономика министри Эмил Үмөталиев жогорудагы сунуш ошондо эле колдоого алынбай, 2020-жылдан баштап унаа салыктарынын көбөйүшүнөн күмөнү жок болгонун айтат. Экономисттин баамында биримдиктин дагы чыга элек сырлары көп.

-Биз үмүт кыла бергенден жыйынтык жок. Бул маселе 2010-жылы биз биримдикке кирип жатканда эле чечилип калган. Буга эч ким, эч качан өзгөртүү киргизе албайт. Бул болгону орусиялыктардын жасаган саясаты. Кыргыз элин мурункудай кылып өлтүрүп же кыйнабастан, ушундай сыяктуу жолдор менен колго алуу. Сөз эркиндигинен ажыратып, көп аракеттерибизди буу,кысуу аракети. Биз мындай жагдайга болгону туруштук берип, келе жаткан оор жашоого камылга көрүшүбүз керек. Парламенттик шайлообузду эл өзүнө ыңгайлуу шарттар менен өткөрүп, босого баллды 3 пайыз кылышыбыз керек. Элдин баары катышып, чыныгы шайлоо кылып, Кыргызстанга бурулуштарды жасашыбыз керек болуп жатат.

Үчүнчү өлкөдөн кирген автоунааларга бажы алымынын жеңилдетилген жана жалпы түрү бар. Жалпы — бул унаа баасынын 20% бажы алымы, ага кошумча нарк салыгы кошулат. Жаңы тарифтерге ылайык, автоунаанын чыгарылган жылы жети жылдан көп болсо, анын бажы төлөмү ошого жараша кымбат болот. Себеби өлкөгө кирип жаткан унаалардын жылы канчалык жаңы болсо, экологияга терс таасирин тийгизбейт. Ушул сыяктуу дагы бир катар маселелер каралган. Бирок эколог Динара Кутманова бул иш-аракет эч кандай натыйжа бербейт деген ойдо. Борбордун абасын бир гана унаа эмес,  башкы себеби  ТЭЦтин туура эмес оңдолушу менен байланыштырат.

Башка жактан жаңы унаа алып келингени менен, экологияны оңдойбуз деген түшүнүк туура эмес. Бул болору мүмкүн болгон кичинекей пайыздык өсүш. Бирок бул жердеги маселе ТЭЦтин туура эмес реконструкцияланышында болуп жатат. Ошондой эле күйүүчү майлардын сапатынын начардыгы, бийик-бийик имараттардын жыш салынышы, мына ушул сыяктуу нерселер экологияга терс таасирин тийгизип жатат. Эмне эле кайра-кайра унаага асылып жатышат мен түшүнгөн жокмун. Ансыз деле учурда Бишкекте эски, жаман зат бөлүп чыгарган унаалар көп. Буларга алар эмне дешет? Маселени чечүүдө туура багытты тандашса жакшы болмок.

Ал арада жарандык активист Жакшылык Матанов, бийлик адамдары 2010-жылы Кыргызстандан ЕАЭБке кирип жатканда анын терс жана оң жактарын ачыктап элге жеткирбей койгон деген пикирде. Эгерде ошол учурда эл 2020-жылы үчүнчү өлкөдөн кирип жаткан унаалардын бажы салыгы 11%га көбөйө турганын билгенде көтөрүлүш болмоктугун айтат. Коомчулукка акырындык менен ММКлар аркылуу маалыматтарды таратып, ушул күнгө жеткенин айтат. Ал эми эл Орусиядан чыккан унаалардын коопсуздугуна көп кантааттанбайт деген пикири менен да бөлүштү.

-Немистин же америкалыктардын люкс машинесин тээп жүрүп, бир күнү эле орустардын люкс унаасын айдап калган кандай болот? Албетте, элге жакпайт. Ал эми бизди алдап, калп эле сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жылдырабыз деп айтылган куру кептерден майнап чыкпайт. Союздун мыйзамдарына, талаптарына жооп бербей калбайбы? Ошон үчүн биримдик да. Мындан 5 жыл мурун байкасаңыз бизде LADA унаалары жоголуп кеткен. Бул болгону Орусия өзүлөрүнүн унааларын сатыш керек деген саясатка буруп жатат.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанга ЕАЭБден тышкаркы өлкөлөрдөн ташылып келген автоунаалардын бажы төлөмү 11 эсеге кымбаттайт.

 

Copyright © 2017 Maral FM