Биз менен байланышыңыз

Кутманова: жаныбарлар жоголсо, табиятта экологиялык баланс бузулат

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Окт 2019 | 805 | 0

Сейрек кездешүүчү жаныбарлар жоголуп кетсе, экологиялык баланс бузулат. Бул тууралуу эколог Динара Кутманова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Ал белгилгендей, учурда аркар, кулжалардын көбөйгөнү айтылганы менен, алардын так санын эч ким билбейт.

Сейрек кездешүүчү жаныбарларды атууга карата айып пулдун өлчөмүн көтөрүү менен көйгөй толук чечилбейт. Бул маселени комплекстүү кароо зарыл.

-Нормативдүү актылардын баарын өзгөртүп, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өзү баарын көзөмөлдөшү керек. Өкмөт чогултулган петицияга көңүл бурбай, аны четке кагууда. Аңчылыктан түшкөн каражатты бөлүштүрүү механизмин өзгөртүү зарыл. Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери аңчылык фирмаларын түзүп, аларды тууган же досуна каттатып коёт, — дейт Кутманова.

Кутманова Кыргызстанда 67 жаныбар Кызыл китепке киргизилгенин кошумчалады.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш сейрек кездешкен аркар, кулжа, элик, теке сыяктуу жаныбарларды атууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун четке каккан.

Copyright © 2017 Maral FM