Биз менен байланышыңыз

Эколог: курчап турган чөйрөнү коргоо агенттигинин кызматкерлери коррупцияга аралашкан

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Окт 2019 | 675 | 0

Коррупциялык механизмдердин айынан Жогорку Кеңеште «Кыргыз Республикасында жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аӊчылык кылууга тыюу салуу жөнүндө» мыйзам долбоору колдоо таппай жатат. Бул жерде мергенчилик чарбалардын кызыкчылыгы бар. Мындай пикирин эколог Динара Кутманова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, коррупциялык иштерге курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери да аралашкан. Мындан улам акча жеңип кетип, тийиштүү мыйзам долбоору колдоо таппай жатат.

-Кеп аталган агенттикке караштуу жаратылышты коргоо фонду менен мергенчилик фирмаларга түшө турган 110 млн. сомдо болуп жатат. Ал эми айыл өкмөттөргө 24 млн. сом гана калууда. Аталган фондго жылына 300 млн. сом түшсө, анын 10 пайызы гана корукчуларга бөлүнөт. Бирок фонд аны ачык айтпай жатат, — дейт Кутманова.

Ал белгилегендей, курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинде лимиттерди бөлүштүрүүчү комиссияда 7 гана мүчө бар. Мындайда бир тараптуу чечимдер чыгат. Агенттик учурда өз билгенин жасап жатат. Мындан улам комиссиянын шартын өзгөртүү зарыл. Комиссия жергиликтүү органдар тарабынан түзүлүшү кажет. Анткени аймактык комиссия чечкен маселелер башкача болот.

Айта кетсек, Жогорку Кеңеш сейрек кездешкен аркар, кулжа, элик, теке сыяктуу жаныбарларды атууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун четке каккан.

Copyright © 2017 Maral FM