Биз менен байланышыңыз

«Кумтөр» үчүн жооп берчүлөр парламентте, өкмөттө отурат

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Сен 2019 | 719 | 0

Эколог Динара Кутманова «Марал» радиосуна маек берип жатып, кен казуу тармагы иретке салынбай жатканын сынга алды.

«Азыр кен казуу боюнча берилип жаткан лицензиялар жокко чыгабы? Айтор, өкмөт кызык иш кылып жатат. 1992-жылкы келишим боюча 2004-жылы «Кумтөр» Кыргызстан тарапка толугу менен өтүшү керек болчу. Ошол эле учурда 1994-жылы 15 жылга ижарага берилген. Эми 2032-жылга чейин берилип жатат. Бирок калдык сактоочу жайлар алгачкы долбоордун негизинде эсептелген. Эми келишимдин мөөнөтү узартылган соң, калдык сактоочу жай боюнча сөз болгон жок», — дейт Кутманова.

Ал «Кумтөр» боюнча стратегиялык келишимге кол койгон адамдар жоопкерчилик албай парламентте отурганын айтып, сындады.

«2013-жылы 31-августта Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон. Бирок 2014-жылы күнөөлүүлөр аныкталбады дешип, кылмыш иши токтотулган. Бирок ал адамдар азыр парламентте отурат, өкмөттө иштеп жатат. Жоопкерчиликке тартуу үчүн саясий эрк керек», — дейт эколог.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 27-августунда кыргыз өкмөтү «Центерра» компаниясы менен стратегиялык келишим күчүнө киргенин жарыялаган. Ага ылайык, мамлекетке учурдагы салыктардан сырткары дагы 150 млн доллар түшөт.

Келишимге 2017-жылдын 11-сентябрында мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун тушунда кол коюлган.

Copyright © 2017 Maral FM