Финансы министрлиги 2019-жылы республикалык бюджетин аткарылуусу боюнча маалымат берди. Маалыматка ылайык, былтыр бюджетке 148 млрд 254 млн сом киреше түшкөн. Белгиленген план 97,5%га аткарылган. 2018-жылга салыштырмалуу кирешелердин көлөмү 9,4%га жогорулаган. Бирок чыгашалардын көлөмү 5%га жогорулаган. Республикалык бюджет 854 млн 400 миң сом суммадагы тартыштык менен аткарылган. Тартыштыкты жабуунун булактары 9 млрд 289 млн сомду түзгөн. Өткөн жылы мамлекеттик карыздарды төлөөгө жалпысынан канча каражат сарпталды? Киреше булагы боюнча белгиленген пландын толук аткарылбай калуусуна эмне тоскоол болгон? Серепчилер Финансы министрлигинин ишине кандай баа беришет?
2019-жылы республикалык бюджетке 148 млрд 254,1 млн сом киреше түшүп, белгиленген план 97,5% гана аткарылды. Бирок республикалык казынага 3 млрд 846 млн сом киреше түшпөй калган. Бул тууралуу Финансы министрлигинин борбордук казыналыгынын директору Марлен Амандыков билдирди:
— Кириши толук түшпөй калганынын себеби: чек аралар жабылганда бажы салыктары жана төлөмдөрү түшпөй калат. Коронавирус да экономикага зыянын берет. Анткени Кытайдан сүйлөшүлгөн товарлар келбей калып жатат. Бул өз убагында бажы төлөмдөрүнө таасирин тийгизет. Айрым чоң ишканалар, алсак Жунда иштебей калгандыктан 900 млн сомдой салык түшпөй калды.
Былтыр республикалык бюджетке салыктык эмес кирешелерден 29 млрд 65 млн сом түшкөн. План 102% же 582,8 млн сомго ашыгы менен аткарылган. Ал эми салыктык кирешелердин көлөмү 105 млрд 929,4 млн сомду түзүп, 2018-жылга салыштырмалуу 2 млрд 192,5 млн сомго жогорулаган. Анын ичинен Салык кызматы 62 млрд 633,2 млн сом чогултса, Бажы кызматы тарабынан 43 млрд 296,2 млн сом бажы салыктары жана төлөмдөр чогултулган. Ошондой эле мурдагы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу республикалык бюджеттин чыгымдары 7 млрд 148,4 млн сомго көбөйгөнүн Марлен Амандыков кошумчалады:
— 2019-жылы республикалык бюджеттин чыгашалары 149 млрд 108,5 млн сомду түзгөн же 92%га аткарылган. Мурдагы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу республикалык бюджеттин чыгымдары 5% же 7 млрд 148,4 млн сомго көбөйгөн. Ага тышкы карызды төлөө, социалдык төлөмдөр, алсак балага сүйүнчүпул, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ассистенттерине маяна төлөө, мугалим, дарыгерлердин айлык акысын жогорулатуу таасир эткен. Негизи, экономиканын өсүшү үчүн чыгымдар көбөйүп турушу керек. Бюджеттин чыгаша бөлүгү толугу менен аткарылбай калган себеби, киреше бөлүгү толугу менен аткарылган эмес. 2019-жылдын соңунда «Центерра Голддон» 4,5 млрд сом каражат түшкөн. Бирок аны максаттуу колдонуу планында акчаны сактаганга аракет кылдык.
Өткөн жылы республикалык бюджет 854 млн 400 миң сом тартыштык менен аткарылды. Тартыштыкты жабуунун булактары 9 млн 289 миң сомду түзгөн. Каржы министрлигинин коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн жетекчиси Самат Тоялиев республикалык бюджеттин чыгымдарын оптмалдаштыруу боюнча жүрүп жаткан иштер тууралуу төмөндөгүдөй маалыматт берди:
— Бардык чыгымдарды дыккат карап чыгып, максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу багытында иштер жасалууда. Өткөн жылы республикалык бюджеттин тартыштыгын жабуу үчүн 15 млрд сомго жакын суммага баалуу кагаз чыгардык. Быйыл да ушундай эле суммага баалуу кагаздарды чыгаруу пландалууда.
2019-жылдын 31-декабрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,6 млрд долларды же 319 млрд 5 млн сомду түзгөн. Былтыр республикалык бюджеттен мамлекеттик карыздарды тейлөөгө жалпы 28 млрд 122 млн 700 миң сом төлөнүп, план толугу менен аткарылган. Алардын ичинен 14 млрд 10 млн сомдон ашыгы тышкы карызга берилген. Мамлекеттик карыздарды төлөө белгиленген нормада ишке ашып жатканы айтылды.
Кыргызстандын тышкы жана ички карыздарды төлөөгө мүмкүнчүлүгү бар. Андыктан өкмөт береселерди кыскартуунун жолдорун ойлонушу зарыл. Мындай пикирин экономист Кубан Чороев билдирди:
— Чыгымдардын өсүүсү бюджетке түшкөн кирешенин өскөнүнөн кабар берет. Демек, бюджетте жетиштүү каражат болгон деп айтууга болот. Мамлекеттик карыздардан кутулууга мүмкүнчүлүк бар. Тышкы карыздын көлөмү ИДПнын 60%ын түзөт, бул дүйнөлүк стандарттагы критикалык чек эмес. Ага карабастан өкмөт карыздарды кыскартуунун ыкмаларын ойлосо жакшы болмок. Анткени тышкы береселер республикалык бюджеттин эсебинен төлөнөт. Тышкы карыздардын көлөмү азайса, бюджет аркылуу каржы маселелерин чечүүгө өбөлгө түзүлөт.
Маалыматка ылайык, коргоо, коомдук тартип жана коопсуздук, курчап турган чөйрөнү коргоо, эс алуу, маданият жана дин, социалдык коргоо, саламаттык сактоо тармактары боюнча бөлүнгөн каражаттар 2018-жылга салыштырмалуу азайтылган. Ал эми экономикалык маселелерге, турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө жана билим берүүгө бөлүнгөн каражаттардын көлөмү жогорулаган.
Ал эми мурдагы Экономика министри Эмил Үметалиевдин баамында, акыркы жылдары өкмөт жарандык коом менен көп кызматташкысы келбей, чакан жана орто бизнестердин көйгөйлөрү көз жаздымда калды. Салык толук чогултулбагандыктан жыл соңунда көптөгөн ишканалар “салыктык репрессияга” дуушар болгон. Бул жерде салык төлөөчүлөрдүн ою эске алынбай, күчкө салып кошумча салык чогултуу аракети жүрүп, кандайдыр бир жыйынтыкка жетиши. Эмил Үметалиев анын кесепети оор болорун айтат:
— Мындай шартта чакан жана орто бизнестер иш-аракетин токтото баштайт. Ишкердикти улантууну каалабай калган ишканалардын саны өсөт. 2020-жылы да күчкө салып салык чогултушабы? Эгер ала албаса, анда ал акчаны кайдан табат? Биз эң чоң суроолордун астында туруп калуудабыз. Финансы министрлиги көп маселелерди чечпейт. Өкмөттө бюрократия деп, мекемеден ресурстарды алганга абдан кызыкдар. Чыгымдар канчалык деңгээлде элдин кызыкчылыгына бөлүштүрүлгөнү маанилүү. Аны бийлик өзүнүн кызыкчылыгына колдондубу? Муну да териштирүү керек. Айрымдар жеке кызыкчылыгын көздөп, каржы агымдарын өздөрүнө буруп алгандыктан, элге да, мамлекетке да жок, ортодогу шылуун топтор өз кызыкчылыгын канааттандырып турган мезгил.
Кошумчалай кетсек, бюджеттин киреше жана чыгымдар бөлүгүн аткаруунун жыйынтыктары жана тартыштыкты жабуунун булактары боюнча аткаруу 2019-жылдын финансылык жылы 8 млн 434 млн сом суммасындагы калдык менен аяктаган.