Биз менен байланышыңыз

«Быйыл ар бир үй-бүлө сарамжал болушу керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Янв 2021 | 1923 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров «Маралга» берген маегинде алдыда өтө кыйын жашоо болорун билдирди.

Анын айтымында, эгерде быйыл социалдык төлөмдөр убагында берилсе, абдан чоң жетишкендик болот.

Өкмөт үнөмдөөнү үйрөнүшү керек. Ар бир үй-бүлө сарамжалдуулукка жетишип, чыгашаны азайтып, кирешени сактап калууга аракет кылышы кажет. Тагыраагы, айлык, жылдык бюджетин анализдеп чыгышы зарыл.

«Жумушсуздар жумуш издеп, жумушу бар адамдар орундарын сактап калууга аракет кылышы керек. Ар бир түтүн кирешесин көбөйтүүнүн үстүндө иштеши зарыл. Азык-түлүк коопсуздугу биринчи кезекте үй-бүлөнүн кожоюнуна таандык маселе болушу абзел. Өкмөт колунда жокторго кантип жардам бере аларын январь, февраль айларында айтышы шарт», — дейт Жапаров.

Ал белгилегендей, Кыргызстанда баары — саясатчы, экономист, финансист. Баары насаат айтат, бирок акыл уккан бири жок.

Copyright © 2017 Maral FM