Биз менен байланышыңыз

УКМК: Президент Жапаровдун бир тууганынын атын жамынып, акча алгандар кармалды

Кыска кабар | 4 Июн 2021 | 1155 | 0

Президент Садыр Жапаровдун бир тууганынын атын жамынып, өзгөчө ири өлчөмдө акча алып жаткан шылуундар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, «А.М.Б.» жана «Б.У.М.» аттуу жарандар Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаровдун атын жамынып, күнүмдүк керектелүүчү товары бар контейнерлерди Казакстандын аймагынан экспорттоо маселесин чечип беребиз деп, «M.T.A.» аттуу жарандын 1 млн 250 миң долларын алууга аракет жасашкан.

3-июнда ыкчам аракеттердин натыйжасында «А.М.Б.» талап кылынган сумманын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен колго түштү.

Аталган факт боюнча УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (Алдамчылык) менен кылмыш ишин козгоду.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка да адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө жүргүзүлүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM