Биз менен байланышыңыз

Жаңы конуштарда социалдык-маданий мекемелер көбөйтүлөт

Коом , Кыска кабар | 31 Мар 2021 | 1704 | 0

Бишкекте Кытай грантынын негизинде жолдорду куруу иштери улантыла баштады. Быйыл жалпы 44 көчө жасалып, колдонууга берилет. Мындан тышкары 5 мектеп жана 5 бала бакчанын курулуш иштери жакынкы аралыкта башталат.

«Бишкек шаарындагы жол түйүндөрүн өнүктүрүү» долбоорунун экинчи фазасы башталды. Анын алкагында быйыл борбор калаада 44 көчө, 2022-жылы 17 көчө оңдолот.

Мындан тышкары шаар четиндеги жаңы конуштарда социалдык-маданий мекемелер көбүрөөк курулат. Бул тууралуу 31-марттагы басма сөз жыйында Бишкектин жер маселелери, архитектура жана курулуш боюнча вице-мэри Азамат Сагындык уулу кабарлады.

— Кытай грантынын биринчи фазасында бир нече көчө салынган. Ошол эле Ахунбаев көчөсү Бах көчөсүнөн ары, Токтогул, Айтматов көчөлөрү жасалды. Анын уландылары башкы пландын негизинде жасалат. Быйылкы жылдын эсебинен 55 чакырымдык 44 көчөнү оңдоп, колдонууга берели деп жатабыз. Долбоордун алкагында тротуар кошо салынат. Мындан тышкары шаарыбыздын конуштарында оңдоп-түзөөгө муктаж болгон мектеп, бала бакча, поликлиникалар, «Тез жардам» станциялары боюнча документтер даярдалып, анализ жүрдү. Азыр 5 мектеп жана 5 бала бакчанын курулуш иштери башталат деп даярдап жатабыз.

Мындан тышкары капиталдык курулуштар программасынын алкагында шаардагы 11-кичи райондогу Кыргызпатент ишканасына берилип кеткен имарат мэрияга өткөрүлүп, бала бакчага айландырылат. Биринчи май районундагы дагы бир имарат бала бакча катары колдонууга берилет.

Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Мирлан Молдобасаров мектептердин имараты да кеңейтилерин кабарлады.

— Бишкектеги бир топ мектептин имаратын кеңейтүү боюнча долбоорлоо иштери жүрүп жатат. Мисалы, №40 мектепке 500 орун, №20 мектепке 500 орун кошулат. №9 балдар музыкалык мектебинин имараты бир кылым мурун салынган экен, аны жаңыртуу үчүн долбоорлоо иши жүрүүдө. Быйыл курула турган объектилердин катарына кириши күтүлүп жатат.

Азыркы күндө акча тартыш болуп жатат, бирок ага карабай бардык грант, жардамдарды алып, ишти токтотпоого аракет кылып жатабыз.

Бишкекте жаан тынымсыз жааган күндөрү көчөлөрдө суу көлдөй агат. Мисалы, 30-март күнү кечинде социалдык тармакта шаардын көчөлөрүнүн биринде арык жок болгондуктан асфальт жолго суу толду. Анда шаар тургундарынын бири кайык менен чыгып, маселеге коомчулуктун көңүлүн бурду.

Вице-мэр Азамат Сагындык уулу ал жол тууралуу буларды айтты.

— Кезинде жолдун асфальт, тротуар, ирригациясына көңүл бурулбай, жөн эле салына берчү экен. Ошонун айынан Кызыл-Аскердеги кечээги окуя болду. Интернетте видео тарагандан кийин биз мэрдин тапшырмасы менен барып келгенбиз. Учурда адистер иштеп жатат. Суу топтолгон жакта агын суу кете турган арык жок экен.

Кытай грантынын негизинде салына баштаган жолдорго 1136 объект тоскоолдук жаратып жатканы айтылды. Учурда мындай объектилерди бузуу иштери жүргүзүлүп жатат. Алар өз чегинен чыгып салынып калган объектилер. Мисалы:

-Ленин району боюнча 274 объект;

-Биринчи Май району боюнча 217 объект;

-Свердлов району боюнча 183 объект;

-Октябрь району боюнча 462 объекти бар.

Аларды түрттүрүүдө шаар тургундары тарабынан тоскоолдуктар болууда.

Эми быйыл курула турган медициналык объектилер тууралуу айтсак:

№4 Бишкек шаардык клиникалык ооруканасынын аймагына 3 кабаттуу инновациялык оорукана курулат;

№3 медициналык тез жардам шаардык балдар клиникасы ооруканасынын аймагына жаңы корпус курулат;

№6 шаардык клиникалык ооруканасынын аймагына жаңы корпус;

Бакай-Ата конушуна фельдшердик-акушердик пункт ачылат;

Көк-Жар конушунда 150 орунга ылайыкталган инновациялык оорукана;

Дордой конушунда жаңы үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;

Семетей көчөсү, 31 дарегинде үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;

№1 шаардык клиникалык ооруканасынын аймагында жаңы инновациялык корпус;

№4 шаардык перинаталдык борборунда скрининг-борбор корпусу ачылат.

Объектилерди курууга дээрлик 50 млн сом шаардын бюджетине киргизилген.  Ошондой эле эл аралык донорлор жардам көрсөтүшөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM